Европанын киноэкрандарына “Жылдыздар согушу” аттуу фильмдин акыркы сериясы чыгып жатат. Космос сагасынын бет ачары өткөн жумада Канн кинофестивалында болду. Андан тышкары эң популярдуу тасмалардын бири Лондондо, АКШда кайрымдуулук кечелеринде көрсөтүлгөн.
Экономисттер “Жылдыздар согушу” көп сериялуу фильм эмес, мамлекет болсо, Дүйнөлүк банктын ички дүң продукту боюнча тизмесинде ал 67-орунда, же башкача айтканда, Сербия жана Монтенегронун алдында жайгашмак дешет.
28 жыл илгери түрмөктүн алгачкы фильми экранга чыккандан бери, ал 22 жарым миллиард долларга жакын киреше алып келди. Бул - Өзбекстан же Эстониянын ички дүң продуктунан эки эсе, Ооганстан же Македонияныкынан 4 эсеге көп.
Тасманын Канн кинофестивалындагы бет ачаарынан кийин франциялык киносынчылардын бири “Жылдыздар согушунун” бул чыгарылышы фильмдин коммерциялык ийгилигин арттырат деп болжолдоду:
- Мурдагы фильмдерге караганда бул сериянын мазмуну тереңирээк болгону мени таң калтырды. Менимче, ал дагы бардык жерде хитке айланат.
Фильмдин режиссеру Жорж Лукас 28 жыл мурда “Жылдыздар согушу” сагасын баштап жатканда, аны качандыр бир күнү бүтүрөм деп ойлобогонун кошумчалайт:
- 3 сериядан турган биринчи фильмде Дарт Вэйдер өз айланасындагыларды кырып, жок кылган желмогуз болуп сүрөттөлөт. Бара бара сиз ал адам экенин түшүнө баштайсыз. Аягында болсо ошол ажыдаар Дарт каарман катары көрсөтүлөт.
Лукас өзү айткандай, “Жылдыздар согушу” Кошмо Штаттарына кандайдыр бир саясий эскертүү болуп эсептелет. Бүт түрмөк тарыхый демократияларды эске салат. Алар тышкы күчтөрдүн кийлигишүүсү менен эмес, бийликти бир кишинин колуна өткөрүп берүү аркылуу империя же диктатурага айланган. Мисал катары Лукас Юлий Цезарь менен Рим сенатын, Улуу француз революциясы менен Наполеон Бонапартты, Адольф Гитлердин бийликке келишин атайт.
Режиссер фильмде Вьетнам жана Ирак согуштары менен окшоштуктарды да байкаса болот дейт. Лукас “бул - соңку серия, түрмөк ушуну менен аяктайт” деп кайталаганы менен, “Жылдыздар согушунун” феномени дагы көп жылдарга созулат. Сюжеттин телевизиондук, журналдык версиясы, ар кандай белек-бечкектер, видеотасмалар кошумча киреше алып келип тураары талашсыз.