Ооган жеринде дале тынч эмес

Ооганстандын түштүгүндө буктурмага кабалып, соопкерчилик агенттигинин алты ооган кызматкери курман болду. Забул провинциясынын жетекчилиги чабуул Кабыл- Кандагар кан жолу өткөн Шажой аймагында жасалганын билдирди.
Кечээ шаршемби күнү түштүктөгү Гелманд провинциясында куралчан топтун чабуулунан беш ооган жараны окко учкан. Бийликтер кол салуу үчүн талип согушчандарын күнөөлөштү.