Радиожыштыктарды Коопсуздук кеңеши тейлейт

БИШКЕК. Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин алдында радиожыштыктар боюнча комиссия түзүлдү. Бул тууралуу транспорт жана байланыш министри Ишенбай Кадырбеков кабарлады. Анын айтымында, мындан ары радиожыштыктарга байланышкан жоопкерчиликти толугу менен коопсуздук кенеши алат. Буга чейин радиожыштыктар коргоо министрлигинин, андан мурда президенттин алдындагы мамлекеттик кайтаруу башкармалыгынын карамагында болуп келген.