Чет элдик дипломаттар тобу өткөн аптада Өзбекстанда орун алган кандуу окуяларды иликтөө максатында Фергана өрөөнүнө барышты. Өзбекстандын оппозиция жетекчилери Анжыяндагы ал окуяларда 750гө жакын адам мерт болгонун айтышууда. Ырасмий бийлик өкүлдөрү аскерлер катардагы адамдарды аткан жок, набыт кеткен 169 кишинин көбү террорчулар болгон деп басым жасоодо.
Шаршембиде чет элдик дипломаттар менен журналисттердин Анжыянга барышы – Британия жана башка бир катар өлкөлөрдүн катаал талаптарынан кийин өзбек бийликтери тарабынан уюштурулду. Андан мурунку күнү Өзбекстандын башкы прокурору Рашид Кадыров атайын пресс-конференцияда өткөн жума күнү Анжыянда бардыгы 169 адам мерт болду, алардын 32си өзбек аскерлери, калган 100дөн ашуун кишинин көбү террорчулар болгон, арасында чет өлкөдөн келгендер да бар деп жарыялады.
Бирок шаршембиде Өзбекстандын ички иштер министри Закир Алматов Баш прокурордун маалыматынан айырмаланган пикирин айтып, Анжыянда 108 катардагы жаран курман болгон деп билдирди.
Ырасмий Ташкендин билдирүүлөрү Өзбекстандын өзүндө жана эл аралык коомчулук арасында да ишенбөөчүлүк менен кабыл алынды. Анткени Анжыянда эл көтөрүлүшкө чыгып, аскерлер аларга ок жаадыргандан көп өтпөй өзбек бийликтери ал жердеги бардык чет элдик кабарчыларды кууп чыгып, окуянын тегерегиндеги маалыматтардын чын-төгүнүн тактоо кыйын ишке айланган. Окуяга кокустан күбө болгон шаардын карапайым жашоочулары облустук акимчиликти басып алган элдин көпчүлүгү куралсыз адамдар болгонун, бронетранспортерлордон жаадырылган октон кеминде 500дөй киши набыт кеткенин билдирүүдө. «Азаттыктын» кабарчысы Садриддин Ашуров ишембиде Анжыянда туугандарын издеп жүргөн тургундар менен маектешкен:
-Кечээ аскерлер балдарды, наристелерди, аялдарды өлтүрүштү. Өткөн түнү бийликтегилер бардык аялдар менен балдардын өлүгүн чогултуп алып кетишиптир, анткени аларды террорчулар десе ким ишенет? Эркектердин өлүктөрү шаардын ар кайсы жерлеринде сулап жатат.
Улуттар уюмунун адам укуктары боюнча башкы агенттиги өзбек бийликтери көтөрүлүшкө чыккан элге каршы кыянатчыл ишке барганын иликтөө өтө кыйын болуп жатканын маалымдады. Агенттиктин басма сөз өкүлү Хосе Диаз буларга токтолду:
- Менимче, бизге түшүп жаткан маалыматтар өтө үстүрт жана бири-биринен абдан айырмалуу болгондуктан, биздин жумушту кыйындатууда. Кептин баары - өзбек бийликтери бизге кандай маалымат берет жана кандай кызматташат деген маселеде жатат. Биз адам укуктарын иликтөө боюнча бардык механизмдерди колдонмокчубуз.
Ал тапта Анжыяндын жашоочулары чет элдик дипломаттар менен кабарчылар бараар алдында шаарды тазалап-жасалгалоо аракеттери күч алганын маалымдашты. Жергиликтүү жашоочулар дагы эле түнкүсүн ар кайсы жерде атышуулардын үнү басылбай жатканын айтышат. Эл толкуп, өкмөттүк мекемелерди ээлеп алган Карасуу шаарын көздөй бардык жолдор жабылып калганын өзбек журналисти Малик Бобоев кабарлады:
- Бүгүн биз Карасууга барууга аракет кылып көрдүк, бардык жолдор жабык экен. Аскерлер жөнөкөй адамдарча кийинип алып, бардык чоң жана майда жолдорду бууп кайтарып алышыптыр. Карасууга баруу мүмкүн эмес.
Өзбекстандын президенти Ислам Каримов «биз эч нерсени жаап-жашырган жокпуз» деп белгилеп, Батыштык маалымат каражаттары өзбек окуялары жөнүндөгү чындыкты бурмалап жатат деп айыптады:
-Маалымат каражаттары, айрыкча Батыштык пресса баштаган бул кеңири кампания – окуяларды козутуу гана гана аракети. Тергөө аяктай электе окуяларды керектүү маанайда сүрөттөп, Батыштагы элдин аң-сезимине катуу сиңдирүү – бүгүнкү аракеттердин артында ушундай максат жатат. Алардын максаты - Анжыянда тынч демонстранттарга ок атылды деп жар салып, АКШ, Европадагы элге мына карагылачы, Өзбекстанда кандай өкүмзор, өз элин аябаган канкорлор отурат деп көрсөтүү.
Өзбек президенти сөзүн андан ары «кайдагы тынч демонстранттар, адегенде куралды чет өлкөдөн алышып, кийин Анжыяндагы полиция бөлүмүнө, аскердик бөлүккө кол салып, 305 мылтыкты, жүздөгөн башка ок-жабдыкты алып кетип, түрмөдөн 600дөй кишини бошоткон адамдар анан тыптынч демонстрацияга чыгышкан имиш»,- деп улантты.
Өзбекстандык оппозициячылар элдик толкундоолор өткөн аптада анжыяндыктардын 23 жергиликтүү ишкер исламчыл топко кошулганы үчүн соттолгонуна нааразылык билдирүүсүнөн башталганын, бийликтегилер алардын талаптарына таптакыр көңүл бурбай койгонун айтышууда. Ушул тапта Кыргызстанда баш калкалап жаткан өзбек качкындары болсо өткөн жума күнү Анжыянда чогулган демонстранттар тынч турганын белгилешүүдө.