АСКАР АКАЕВДИН МҮЛКҮН ИЛИКТЕГЕН КОМИССИЯ ИШ МӨӨНӨТҮН УЗАРТУУГА МУКТАЖ

18-майда экс-президент Аскар Акаев менен анын жакындарына таандык үй, мүлктү иликтеп жаткан мамлекеттик комиссиянын жыйыны болду. Комиссия өкүлдөрү андан кийин маалымат жыйынын берип, Орусия менен Казакстандын ишкерлери талашып жаткан «Бител» компаниясы Айдар Акаевге таандык экендигин жарыя кылышты.
Комиссия бул жолу мурда ачылган кылмыш иштерин тергөө жана жаңы ачыла турган иштер тууралуу Башкы прокуратуранын маалыматын укту. Андан тышкары Акаевдерге таандык деп тизмеге алынган ишканалардын финансылык иштерин текшерип жаткан салык инспекциясынан кабар алышты. Салыкчылардын маалыматы боюнча, апрель айынын башында «Бител» компаниясынан дивидент катары өлкөдөн 20 миллион доллар чыгарылып кетти деген маалымат чын болуп чыкты. Ал гана эмес компания ээлери анын 16 миллион 800 миң долларын накталай доллар түрүндө ташып кеткендиги аныкталды. Андан тышкары Аскар Акаев өз үй-бүлөсүнүн эч кандай тиешеси жок деп четке каккан «Бител» компаниясынын уулу Айдар менен анын өнөктөшү Нурбек Турдукуловго таандык экендигин тастыктаган маалымат комиссияга 18-майда Лондондон келген. Ал тууралуу комиссиянын төрагасы, вице-премьер министрдин милдетин аткаруучу Данияр Үсөнов мындай деди:

-Менин колумда Лондондон бүгүн алган документ турат. Бул Лондондогу королдук соттун маалыматынын көчүрмөсү. Анда Кыргызстандагы окуяларга байланыштуу президент Аскар Акаев качып кетти. Аны менен кошо «Бител» компаниясынын анык ээлери уулу Айдар менен Нурбек Турдукулов да качып кетишти. Азыр алар Кыргызстандын сотунда өзүлөрүнүн атынан катышуу боюнча Казакстандагы кеңешчилеринин кызматынан пайдалануу жагдайларын иликтеп жатышат деп жазылган экен.

Данияр Үсөновдун айтымында, азыр комиссия «Бител» компаниясын түзгөн учурда аны уюштуруучулар «Кыргызтелекомдун» 40 пайыздык үлүшүн кантип менчиктештирип алгандыгын жана «Бител» компаниясы салык түрүндө өлкөгө канча каражат төлөп келгендигин аныктоону милдет кылып жатат.

Башкы прокуратуранын өкүлү болсо азырынча Акаевге же анын уулуна каршы эч кандай кылмыш иши козголо электигин билдирди. Данияр Үсөновдун айтымында, бирок тергөө маалында мыйзам бузуу аныкталса ачылышы ажеп эмес:

-Текшерүү бүткөндөн кийин салыкты төлөбөгөнү аныкталса, сөзсү түрдө кылмыш иши козголот.

Комиссия иш мөөнөтүн дагы узартуу жөнүндө президенттин милдетин аткаруучу Курманбек Бакиевден өтүндү. Данияр Үсөновдун айтымында, буга иликтөөчү материалдын көптүгү башкы себеп. Анткени, күн сайын комиссияга кайрылган тараптар көбөйүп барат. Маселен, 18-майда эле Ысыккөлдөгү 3 пансионаттын ээлери кайрылышып, экс-президенттин жакындары эс алуу жайларын алардын атына жаздырып коюшкандыгын, бирок ээси өздөрү эмес экендиктерин билдиришкен. Андан тышкары Бишкектеги «Силк вей» дүкөнү жайгашкан имаратты экс-президенттин жакындары күч менен тартып алгандыгын «Айгүл» акционердик коомунун өкүлдөрү кабарлашкан. Алар катында акционердик коомду сот аркылуу атайын кудуретсиз кылып туруп, тынчтык келишимин түздүрүп ээлеп алышкан. Данияр Үсөновдун айтымында, муну менен мурунку бийлик ээлеринин байлыкты тартып алуусунун дагы бир ыкмасынын бети ачылды:

- Биз атайын кудуретсиз кылып туруп, анан мүлккө ээ болуу ыкмасы болгондугуна көзүбүз жетти.

Данияр Үсөновдун айтымында, комиссиянын ишине тымызын бут тосуулар да абдан көп болуп жатат. Ушундан улам комиссия 26-майда Жогорку Кеңешке маалымат берип, анын колдоосун алууга муктаж болуп турат. Комиссиянын мүчөсү, Жогорку Кеңештин вице-спикери Болот Шерниязовдун айтымында, комиссия Грузиянын коррупционерлерге каршы күрөшүү тажрыйбасын иликтеп, ошонун негизинде Кыргызстандын байлыгын ээлеп алгандардын мүлкүн аныктоо үчүн атайын мыйзам долбоорун кабыл алууну парламентке сунуштаган жатат:

-Өзүңөр абдан жакшы билгендей, тигил же бул жай Акаевдин үй-бүлөсүнө же анын жакындарына тиешелүү экендигин аныктоо абдан кыйын болуп жатат. Ошон үчүн комиссиянын бардык мүчөлөрү Грузиянын мисалындай кылып «Негизделбеген мүлк жөнүндөгү» мыйзамды кабыл алуу керек деген чечимге келди. Ал мыйзамга ылайык, эгер мүлк мыйзам бузуу менен алынган болсо же ага ээ болуу жолун аныктоо мүмкүн болбосо ошол мүлктү конфискациялап алууга жол берилет. Ошондой эле шектелген адамдын мүлкү тергөө убагында камакка алынат. Эгер коррупционер экени аныкталса, мүлкү бүтүн бойдон мамлекеттин менчигине өтөт. Бул мыйзам Грузияда өзүн актады.