Ички иштер министрлигинин жетекчилери дайындалды

БИШКЕК. 17-майда Президенттин милдетин аткаруучу Курманбек Бакиевдин жарлыгы менен Ички иштер министри болуп генерал-майор Мурат Суталинов дайындалды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан 18-майда билдиришти. Мурат Суталинов ыңкылапка чейин Чүй облустук ички иштер башкармалыгын, кийин болсо президенттик администрациянын коргоо жана укук коргоо боюнча бөлүмүн жетектеп келген. 23-мартта Кыргызстандын Башкы прокурорунун милдетин аткаруучу болуп дайындалган. Ал Башкы прокурор болуп дайындалган күнү маалымат жыйынын өткөрүп, Ош жана Жалалабат шаарында митингдерди уюштуруучу катары 50 адамга бийликти басып алуу, өлкөдө башаламандык жагдай түзүү өңдүү 8ден ашык берене боюнча кылмыш иши козгоолоорун билдирген. Анын ичинде Курманбек Бакиевге да кылмыш иши козголоорун, ага карата материалдар топтолуп жатканын белгилеген.

Ички иштер министринин орун басарлыгына Шеркозиджан Мирзаккаримов, экс-депутат Алымбай Султанов жана Өмүрбек Суваналиев дайындалды.