Темир жолчулар ачкачылык акциясын токтотушту

БИШКЕК. 18-майда темир жолчулар ачкачылык акциясын токтотушту. Алардын талабы боюнча Кыргыз темир жол башкармалыгынын жетекчиси Нариман Түлеев кызматтан бошотулгандыгы тууралуу буйрукту 17-майда түнкү саат 11.30. президенттин администрация башчысы Үсөн Сыдыков ачкачылык жарыялап отурган атуулдарга жарыялаган. Өкмөт үйүнүн алдында ачкачылык жарыялаган 10дон ашуун атуул шаршембиде ооруканага жеткирилди. Ал эми 8 адам буга чейин денсоолугу начарлап, ооруканага жаткырылган. 22-апрелден бери 21 темир жолчу аталган башкармалыктагы коррупциялашкан жетекчиликке каршы нааразылык билдиришип, 23 күн бою ачкачылык кармашты