КУВЕЙТ АЯЛДАРЫ ШАЙЛОО УКУГУНА ЭЭ БОЛДУ

Нарын АЙЫП, Прага 16-январда Кувейттин парламенти тарыхый чечим кабыл алып, өлкөнүн аял жарандарына добуш берүү укугун берди. Көпчүлүк эксперттер аны оң баалап, демократиялык өнүгүүдөгү алдыга жылыш десе, исламдык оппозиция жаңы чечимди сындап чыкты, ал эми башка экперттердин пикиринде, бул мыйзамды ишке ашыруу баары бир кыйын болот.
Кувейт өкмөтү даярдаган мыйзам долбоорунда аялдарга жергиликтүү шайлоого катышуу укугу гана берилмек жана мындан эки апта мурда каралганда, ал колдоого алынган эмес. Бирок 16-майда уюштурулган жаңы талкуу учурунда өлкөдө өткөрүлгөн бардык шайлоолор тууралуу сөз чыгып, акырында аялдарга толук шайлоо укугу берилди жана жаңы чечим кээ бир депутаттар үчүн дагы жаңылык болду. Долбоорду 35 депутат колдоп, 23 адам ага каршы добуш берди жана бир гана депутат калыс калды.

Консерватор саясатчылардын айтымында, Кувейт өкмөтү жөн гана чет өлкөлүк басымга туруштук бере албай, АКШ койгон талаптарды аткарууда. Талкуу учурунда Исламдык партиянын атынан шайланган депутат Дайфалла Бурамия парламентке кайрылып, мыйзам үчүн добуш бергендерге мусулмандардын каргышы тийет деп да коркутту, бирок ага эч ким көңүл бурган жок. Өкмөт болсо мыйзам каралаар алдында өлкөнүн мамлекет каржылаган ишканалар кызматкерлеринин маянасын жана пенсиялардын өлчөмүн жогорулатуу тууралуу чечим кабыл алып, ага кошумча 450 миллион доллар бөлдү.

Анткен менен консерваторлордун демилгеси менен мыйзамга атайын жаңы берене да киргизилди жана ага ылайык, аял-саясатчылар жана добуш берген аялдар сөзсүз исламдык эрежелерди аткарууга тийиш. Эксперттердин айтымында, бул берене кандай түрдө ишке ашырылаары азырынча белгисиз - аялдар сөзсүз исламдык кийим кийип жүрүш керекпи, же шайлоо күндөрү аялдар менен эркектер эки башка добуш береби, же дагы бир башка нерселер чыгабы - азырынча анык эмес.

Мыйзам кабыл алынгандан кийин адам укуктарын коргоочулар, либерал саясатчылар жана өзгөчө аялдар өлкө боюнча майрам уюштурушту. Кувейттин Журналисттер бирикмесинде кеңешчи болуп иштеген профессор Айед Маннанын айтымында, өлкөнүн исламдык консерваторлоруна катуу сокку урулду:

- Бул чындап эле өтө орчундуу чечим жана бул чакан араб мамлекетиндеги демократиянын жеңиши, анткени буга чейин ондогон жылдар бою өлкө калкынын жарымынын укуктары чектелип келген. Бул чечим консерваторлор жана исламдык күчтөр үчүн ири утулуш да болушу мүмкүн.

Анткен менен, айрым эксперттердин пикиринде, мыйзамды жүзөгө ашыруу ишинде баары бир кыйынчылыктар пайда болушу толук ыктымал. Британиялык журналист Майкл Гриффиндин айтымында, коомго эски адат терең сиңип калган:

- Аялдар маселесине келсек, диний эркиндиктер чектелип, аялдар кандай жашаш керек деген өзгөчө эрежелер иштеген өлкөдө аялдар саясий эркиндикке чындап эле ээ болооруна ишенүү кыйын.

Акыркы мезгилде бир топ араб жана мусулман мамлекеттериндеги абал өзгөрө баштады жана көптөгөн эксперттер аны АКШнын тышкы саясаты менен байланыштырууда. Вашингтондун аракеттеринин найтыжасында Ооганстан менен Иракта тарыхый шайлоолор өткөрүлдү, андан тышкары үстүбүздөгү жылы Сауд Арабияда дагы алгачкы шайлоо уюштурулду, Палестинадагы шайлоо жараяны да кеңейип баратат. Жакынкы Чыгыш чөлкөмүндө азыр аялдар шайлоо укугуна ээ боло элек бир гана өлкө калды, ал - Сауд Арабия.