Акыйкатчы артка кайтпайт

БИШКЕК. Акыйкатчы Турсунбай Бакир уулу президенттик шайлоого талапкер катары акыр аягына чейин катышат. Бул тууралуу ал 17-майда АКИпресс агенттигинде өткөн маалымат жыйынында билдирди. Шайлоо маалында кызматтан кетпешин белгилеген Турсунбай Бакир уулу, анын себебин Курманбек Бакиевдин да кызматтан кетпеши менен түшүндүрдү. Борбордук шайлоо комиссиясында учурда Курманбек Бакиев, Жусупбек Шарипов жана Баяман Эркинбаевдин арыздары турат. Ал эми Борбордук шайлоо комиссиясынын тил комиссиясынын сынагынан Жыпар Жекшеев жана Акбаралы Айтикеев буга чейин өткөн.