Өзбекстанда аскерлердин аткан огунан набыт болгондор көппү?

13-май күнү бийликке нааразылык билдирип, Анжиян шаарына топтолгон миңдеген тынч элди аскерлер аткылашкандыгын күбөлөр айтып чыгышты. Ал эми президент Каримов элге карай ок атууга буйрук болгон эмес деген билдирүүсүн кайталап жатат. Набыт болгондордун саны расмий маалыматтар боюнча дагы деле 30, расмий эмес маалыматтар боюнча 500 деген сандын ортосунда талашта турат.