Акүйдүн алдында митинг болду

БИШКЕК. Бишкектеги «Акжол» ишканасынын айдоочулары жана темир жол башкармалыгында бир нече күндөн бери ачкачылык жарыялап отурушкан атуулдардын жактоочулары, баш аягы беш жүздөй адам, 16-майда Акүйдүн алдына нааразылык иш чарасына чыгышты. Батыш автобекетинде иш жүргүзгөн «Акжол» ишканасы Бишкек-Каракол, Бишкек-Карабалта, Бишкек-Нарын, жана бакша багыттарга жүргүнчүлөрдү ташууну камсыз кылат. Нааразылык иш чаранын катышуучулары Транспорт жана байланыш министринин милдетин аткаруучу Ишенбай Кадырбековдун аялы Батыш автобекетинде «Кутжол» деген аталышта ишкана ачып, көп жылдан бери иш жүргүзүп келген «Акжол» ишканасынын айдоочуларын кысымга алып жаткандыгын айтышып, Ишенбай Кадырбековду кызматтан кетирүүнү талап кылышты. Ушул эле күнү Акүйдүн алдына «Кутжол» ишканасынан да 30 дай адам чыкты. Алар Ишенбай Кадырбековду жакташты. Түштөн кийин нааразылык иш чарасынын катышуучулары менен президенттик админстрация башчысы Үсөн Сыдыков жолугушту. Жакынкы күндөрү талаш-тартыш боюнча комиссия түзүлүп, иш жүргүзө турган болду.