Чолпон Орозобекова , Бишкек Кыргыз- өзбек чек арасына эл аралык уюмдардын өкүлдөрү барып, кырдаалга баам салып жатышат. Алардын көбү качкындарга гуманитардык жардам көрсөтүүгө даярдыгын билдиришүүдө. Бирок өзбекстандыктар Кыргызстандын чукул кырдаалдар министрлиги тигип берген чатырларда жашап, жергиликтүү бийликтен жана элден жардам алышууда.
Кыргыз- өзбек чек арасындагы кырдаал курчуган аймактарга БУУнун, ЕККУнун, «Кызыл чырым», «Кызыл жарым ай» коомдорунун өкүлдөрү барып, кырдаалга сереп салып иликтеп жүрүшөт. Азырынча «Кызыл чырым» коому анча- мынча медициналык жардам көрсөтүүдө.
«Кызыл жарым ай» эл аралык уюмунун өкүлү Елена Павлюк билдиргенге караганда, учурда бул уюмдун адистери жер- жерлерде кырдаалга баа берип, зарыл жардамдын көлөмүн аныктап жатышат. «Кызыл жарым ай» коому өзбек атуулдарына чатырларды тигип берип, качкындар лагерин түзүү жана аларга күнүмдүк зарыл болчу буюм- тайымдарды берүү жагынан каралашууга даяр:
- Биз складда даяр турган чатыр, жууркан- төшөк жана эң зарыл болгон идиш-аяктарды бере алабыз-, дейт Елена Павлюк.
Анын айтымында, кыргыз өкмөтү жардам сурап кайрыла элек. Бирок «Кызыл жарым ай» коомунун адистери учурда жер- жерлерде кырдаалды баалап жүрүшөт. Елена Павлюктун айтымында, мониторингдин жыйынтыгы жардам зарыл экенин көрсөтсө кыргыз өкмөтүнүн кайрылуусун күтпөй эле жардам жөнөтө беришет.
Качкындарга медициналык жардам көрсөтүп аткан «Кызыл чырым» коомунун да адистери кыргыз- өзбек чек арасында жүрүшөт. Аталган уюмдун өкүлү Марко Йаминки Азаттыкка билдиргенге караганда, азырынча жергиликтүү бийликтин күчү жетип атат:
- Эки машина менен медициналык жардам жөнөттүк. Биздн делегаттар ал жерде кырдаал байкап көрүштү, мисалы бүгүн алар Карасууда болушту. Кесиптештерим бүгүн берген маалыматка караганда азырынча жардамга муктаждык жок. Ал муктаждыктарды жергиликтүү кыргыз бийликтери жаап атышат,-дейт Марко Йаминки.
«Кызыл чырым» коомунун жетекчиси Жерос Сорк Карасуу районунда жүрөт. Анын баамында, чек арада кырдаал стабилдүү жана жергиликтүү бийликтин көзөмөлүндө.
Учурда өзбекстандык качкындар көбүнчө жергиликтүү калктын жана облустук бийликтин көмөгү менен жашап жатат.
Өзбекстандан келген качкындар атажуртуна кайтпайбыз деп билдирип жатышат.
ЕККУнун Кыргызстандагы элчиси Маркус Мюллер болсо бул маселе Өзбекстан менен Кыргызстан ортосундагы маселе экенин айтып, эки өлкө сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп атат деген ишенимин билдирген.
Кыргыз бийлиги болсо азырынча аларга качкын макамын берип кабыл алабы же жокпу ырасмий жарыялаган жок. Коопсуздук кеңешинин катчысы Мирослав Ниязов качкындарга адамча шарт түзүп беребиз деп билдирген.