Таласта акимдер алмашты

ТАЛАС. Үсөн Сыдыковдун Таласка келиши менен кадрдык алмашуулар жүрдү. Губернатордун биринчи орунбасары болуп Байымбет Мураталиев дайындалды. Мурдагы биринчи орунбасар Канат Нартаев Талас районуна, Талас районунун акими Марат Кашкаралиев Талас шаарына башчы болду. Облустагы айрым коомдук уюмдардын өкүлдөрү мындай кадрдык алмашууларды Акаевдик замандын кадрларын эле орун которуштуруу деп нааразычылык билдиришип, алты пунктан турган нааразычылык катты Үсөн Сыдыковго тапшырышты. Эки күндүк иш сапардын соңунда облустун активи менен жолугушуу өтүп, Үсөн Сыдыковго ыңгайсыз суроолорду да жалаң жарандык чөйрөнүн активисттери беришип, жетекчилердин бири да ооз ачкан жок. Өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрүнүн мындай активдүүлүгүнө Үсөн Сыдыков ыраазы болду жана бийлик өкүлдөрүн элге жакын болуп, өкмөттүк эмес уюмдар менен тыгыз иштөөгө чакырды. “Эл бийликке эмес-бийлик эл үчүн” иштеш керектигин администрация башчысы отругандарга дагы бир жолу эскертти.