БИШКЕК. Кыргызстан эл аралык милдеттемелерине ылайык, Өзбекстандагы кырдаалга байланыштуу саясий куугунтуктоолордон улам башпаанек сураган атуулдарды кабыл алууга тийиш. Мындай пикирин 14-майда Жогорку Кеңештин төрагасы Өмүрбек Текебаев «Азаттыктын» кабарчысына билдирди:
-Эл аралык келишимдерге ылайык, биздин өлкө Өзбекстандык атуулдарга башпаанек бериши керек. Бул боюнча биздин эл аралык коомчулуктун алдындагы милдеттемелерибиз бар.
Ушул эле күнү «Демократия жана атуулдук коом үчүн» бейөкмөт уюмдар коалициясы да Өзбекстандагы кырдаалга байланыштуу саясий башпаанек сураган атуулдарды Кыргызстан кабыл алууга тийиш деген кайрылуу таратты.