Рита Нурмамбет кызы, Чолпоната Кыргыз Республикасынын президентинин милдетин аткаруучу, премьер-министр Курманбек Бакиев 14-майда Чолпоната шаарында иш сапары менен болду. Сапар учурунда ал президенттик шайлоо боюнча Феликс Кулов менен болгон келишимди өлкөнүн турукташуусу үчүн болгон камкордук деп белгиледи.
Президентинин милдетин аткаруучу Курманбек Бакиев адегенде Чолпоната шаарында “Кыргыз деңизи” санаториясында уюшулган “Ысыккөл-2005” эл аралык туристтик жарманкесин ачып, президенттик шайлоого карата Феликс Кулов менен болгон саясий келишимин мындайча ырастады:
- Биз мындан эки күн мурун Кулов Феликс Шаршенбаевичдин командасы, менин командам отуруп, кеңешип бир келишимге келдик. Эл-журтту түндүк-түштүк деп бөлбөйлү, ошондуктан экөөбүз биригип бир команда болуп, эгерде Бакиев президент болуп шайланса, анда Кулов премьер-министр болот деген келишимге экөөбүз кол койдук. Бул саясий чечим Кыргызстанга стабилдүүлүктү, тынчтыкты алып келиш керек. Мына парламенттик шайлоонун жыйынтыгынын эмдигиче азабын тартып атабыз. Ошол маселелер аягына чыкпай туруп, президенттик шайлоого мындай чатактар менен келсек эмне болобуз.
Өлкө башчысынын милдетин аткаруучу мындан сырткары Феликс Куловду шайлоого чейин мамлекеттик башкарууга келиши керек деген оюн да кошумчалады:
- Президенттик шайлоону күтпөй эле жакын арада Феликс Куловду биринчи вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу кызматына дайындоо жөнүндөгү маселени чечип жатабыз.
Ал эми Чолпоната шаарынын ат майданында чогулган эл менен жолугушууда суроолор негизинен жер маселесине арналды. Ага Курманбек Бакиев мындайча токтолду:
- Кече күнү Касымов менен сүйлөштүк. Эгерде туура эмес жерлерди алгандар болсо инвентаризация жасап туруп, мыйзамдын чегинде чечиш керек. Кээ бир азаматтар гектар-гектар жерлерди ээлеп алган. Ошол эле мезгилде жөнөкөй карапайым ага-инилерибиз жери жок жүрүшөт. Мен ойлойм бул туура эмес. Калыстык болуш керек.
Курманбек Бакиев коңшулаш Өзбекстандын Анжиян облусундагы кырдаалга байланышкан суроолорго болсо мындайча жооп узатты:
- “ИДУ”, “Хизб-ут Тахрирдин” өкүлдөрүнүн көтөргөн тополоңунун негизинде болуп жатат бул кырдаал. Кандай болбосун бул жакшылыкка алып келбейт. Менимче тынчтык болуш керек. Мамлекетти тигиндей-мындай кылып жиберебиз, же дин органдары башкарыш керек деген көз карашка мен кошула албайм.