Президенттин үй-бүлөсү мамбюджеттен жылына 2 млрд сом сарптаган

11-майда Кыргызстандын мурдагы президенти Аскар Акаевге жана анын үй-бүлөсүнө, жакын адамдарына тиешелүү мүлктү текшерүү боюнча мамлекеттик комиссия кезектеги жыйынын өткөрдү. Комиссиянын төрагасы Данияр Үсөнөв маалымдагандай, «Народный» деген аталыштагы дүкөндөр түйүнү Акаевдин үйбүлөсүнө таандык экекндиги тастыкталды. Комиссиянын иликтөөлөрүнө ылайык, үй-бүлө жылына мамлекеттик бюджеттен 2 млрд сом өлчөмүндөгү каражатты каалагандай сарптаган. 2004-жылы өлкөдөгү айыл-чарба корпорациясынан президенттин жана премьер-министрдин фондуна 15 млн сом, ушул эле жылы өкмөт башчынын фондуна 200 миңге жакын АКШ доллары которулган. Учурда Кыргызстандын мурдагы өкмөт башчысы Николай Танаевге, мурдагы биринчи вице-премьер-министр Кубанычбек Жумалиевге, мурдагы каржы министриБолот Абилдаевге жана башка чиновниктерге тиешелүү делген ишканалар иликтенүүдө. Башкы прокуратура тарабынан жалпысынан 114 кылмыш иши козголду. Апрель айында өлкөнүн бюджетине кошумча 179 млн сом түштү. Данияр Үсөнөвдун маалыматына караганда, май айында бюджет 200 млн сомго толукталат.