"Би-Би-Синин" кызматкерлери иш таштоого даярданып жатат

"Би-Би-Си" корпорациясынын журналисттери иш таштоо уюштурууну чечти. Журналисттердин улуттук бирикмесинин өкүлү Жереми Диэнин бүгүн билдиргенине караганда, жыйынга катышкан журналисттердин 84 пайызы андай чечимке колдоо көрсөттү жана эми уюм эртең дагы эки башка журналисттик бирикме менен сүйлөшүү жүргүзүп, иш таштоону качан жана кандай түрдө өткөрүүнү чечет. "Би-Би-Синин" жетекчилиги келерки үч жылдын ичинде 21 миң кызматкердин төрт миңин кыскартып, 670 миллион доллар каражатты үнөмдөөнү пландаштырып жатат.