Шейшемби күнү Өзбекстандын Анжиян шаарындагы соттун алдына чогулган 100дөй адам мыйзамсыз исламчыл топтун мүчөсү деп шектелген 23 кишини соттоого нааразылык билдиришти. Укук коргоочу Лутфилла Шамсиддинов нааразылык акциясы тынч өткөнүн билдирди:
- Айыпталып жаткан 23 жаш жигиттин туугандары, коңшулары жана дос-жолдоштору соттун алдына чогулушуп, имаратты күзөтүп турушту.
23 жигит тыйуу салынган Хизб ут-Тахрир партиясынан бөлүнүп чыккан Акрымыя тобунун мүчөсү деп күнөөлөнүп жатат. Аларга өкмөткө каршы төңкөрүш уюштурмак болду жана диний адабиятты таркатты деген да айып тагылууда.