Жалалабад облусунда президенттик шайлоого даярдыктар көрүлүүдө

ЖАЛАЛАБАТ. Президенттик шайлоону өткөрүү боюнча облуста түзүлгөн он эки шаар, райондук комиссия шайлоочулардын тизмесин, добуш берүүчү кабиналар менен үкөктөрдүн ишке жарактууларын тактоодо. Участкалык 385 шайлоо комиссиясынын курамы жаңыртылмакчы. Президенттик шайлоону өткөрүүгө Борбордук шайлоо комиссиясынан 4 млн. 782 миң сом акча каралган. 10-майда мындай маалымат шайлоолорду өткөрүү боюнча облустук шайлоо комиссиясынын төрагасы Нурмамат Ашымовдон алынды. Нурмамат Ашымовдун маалыматы боюнча парламенттик шайлоодо 495 миң шайлоочу бар деп аныкталган. Облуста президенттикке талапкерлерди көрсөтүү жүрүп жатат. Буга чейин сегиз мекеме, уюм өкмөт башчы Курманбек Бакиевди президенттикке көрсөтүшкөн. 10-майда Жалалабад облустук администрация алдында болгон жыйындын катышуучулары депутат Баяман Эркинбаевди өлкө башчылыгына сунуш кылышты.