СОМДУН МҮЧӨЛ ЖЫЛЫ

Мындан он эки жыл илгери 10-майда Кыргызстандын улуттук акчасы – сом жүгүртүүгө чыгарылган. Улуттук акчаны киргизүү үчүн түзүлгөн атайын өкмөттүк комитеттин чечимине ылайык алгач жүгүртүүгө 1, 10, 50 тыйын, 1 , 5, 20 сом чыгарылып алмашуу курсу катары 4 сом 1 АКШ долларына, 1 сом 200 орус рублине карата алынган.
Эңгезердей СССР урагандан кийин анын тутумундагы эгемен өлкөлөрдүн ичинен Кыргызстан экинчи болуп улуттук акчасын жүгүртүүгө киргизген. Антишке Орусиянын рубль акчасынын Москвадан чыгарылып, башында бекер таратылып келсе, кийинчерээк карыз акча катары бериле башташы, анан да орток акчанын ыкчам инфляциядан башы чыкпай, күндөн-күнгө куну качып баратышы себеп болгон.

Эгемен Кыргызстандын мамлекеттик энбелгилери кыйгас кабыл алына баштаган чакта өкмөттү башкарып келген Турсунбек Чыңгышев улуттук акчаны жүгүртүүгө чыгарылганга чейин кандай иштер жасалганын мындайча эскерет:

- Президент жарлыгы менен Улуттук акчаны киргизүү боюнча атайын комитет түзүлгөн. Бул комитетке үч эле киши кирген. Комитет төрагасы болуп өкмөт башчы катары мен, мүчөсүнө Улуттук банк төрагасы Кемелбек Нанаев, Улуттук илимдер академиясынын президенти, академик Турар Койчуев кирген. Бизге чоң укуктар берилген. Жүрүп-жүрүп отуруп биз улуттук акчабызды 1993-жылы 10-майда киргизип алдык.

Оболу убактылуу пайдаланууга чыгарылган 1, 5, 20 сомго 1994 - 1995-жылдары 50, 100 сомдуктар кошулган. 1997-жылы бул акчалардын жасалгасы жаңыланып, түсү өзгөрүлүп чыккан.

2000-жылы 200, 500, 1000 сомдук акчалар жүгүртүүгө кое берилди. Иши кылып, кыргыз сомунун сырт жасалгасы жыл сайын болбосо да накаан-накаанда өзгөрүлүп келатат.

Кыргызстандын тарыхый-саясий турмушундагы урунт окуялардын урматына кымбатбаа теңгелер чегерилип, алар сатыкка коюлууда. «Манас» дастанынын 1000, Ош калаасынын 3000, кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн 2200, Улуу Жеңиштин 60 жылдыгы, Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 10 жылдыгы сындуу мааракелердин энбелгиси кымбатбаа теңгелерге түшүрүлгөн.

«Легендарлуу парламенттин» депутаты Бегиш Ааматов улуттук акчанын жүгүртүүгө чыгарылышын Кыргызстан тарыхындагы олуттуу окуя деп эсептейт. Анын ырасташынча, бул маселе парламентте 1991-жылдан тарта эле козголо башталганы менен, чечим кыйла кечигибирээк кабыл алынды.

- Мына СССрден калган алтыныбыз болсо керек. Казарманда алтын казылып алынып жатат. Ошону тез аранын ичинде чечип, эгемен мамлекеттин акчасын киргизишибиз керек деп айтканбыз. Эми ошол улуттук акча сүйрөлүп келип кечирээк кирип калды.

Кыргыз сомунун алмашуу курсу кийинки жылдары олуттуу өзгөрүүгө туш келбей, туруктуу сакталууда. Мүчөл жылын белгилеп жаткан кыргыз сомунун баркы коңшу өлкөлөрдө кыйла эле жогору.

Ушул жерде көпчүлүктүн улуттук акчага карата мамилеси жайында кеп кылуунун да оролу келип турат. Бүктөлгөн, майланган, бырышкан, тыгырчыкталган улуттук акча тез эле жыртылып колдонуудан чыгып калууда.

- Өнүккөн мамлекеттерде, мисалы, долларды эч качан бүктөбөйт. Булар аны тегерек-тегерек кылып коюшат, көрүп жүрсөң керек, ороп-ороп резина менен байлап коюшат, бүктөлбөйт. Бул боюнча Улуттук банк көп иштерди жасашы керек. Бирок аткарбай жатышат, уктап жатышат булар. Сом жыртылып атат, бүктөп, бырыштырып чөнтөккө салып коюшат. Бул боюнча элди тарбиялаш керек, элге түшүндүрүү зарыл,- дейт Турсунбек Чыңгышев.

Кыргыз сомунун мүчөл жашы бул ирет расмий түрдө белгиленген жок. Улуттук акчанын 10 жашка толгону атайын белгиленип, анын урматына кымбатбаа теңге чыгарылган. 12 жыл ичинде кыргыз сому үч тепкичтен өттү, өлкө ичиндеги негизги төлөм бирдиги катары колдонулуп келатат. Анткен менен, айрым эксперттердин айтымында, сыртка товар ташып чыгаруу менен сырттан товар ташып келүүнүн ортосундагы чоң айырма сомдун кунун түшүрүшү толук ыктымал.