АКШ президенти Жорд Буш бүгүн Тбилисиде президент Михаил Саакашвили жана парламенттин төрайымы Нино Буржанадзе менен кездешет. Ак Үйдүн өкүлү Скот МакКлилландын билдиришинче, Буш Тбилисинин Эркиндик майданында жасачу кайрылуусунда 2003-жылы Грузияда болгон роза революциясынын мааниси жөнүндө сөз кылат. Буш - Кошмо Штаттардын Грузияга келген биринчи президенти. Буш кечээ күнү Грузиянын “Рустави-2” телекомпаниясына берген интервьюсунда Грузин өкмөтү Панкиси өрөөнүн террорчулардан тазалаганына ыраазылык айтып, бул Россиянын, АКШнын жана Грузиянын улуттук кызыкчылыгына ылайыктуу иш болду деди.