Ооганстанда уруу башчылары АКШ менен стратегиялык шериктештик планына колдоо билдиришти

Бул тууралуу өкмөттүн маалымат катчысы Жавед Лудин кабарлады. Ооганстандын чар тарабынан келген 1 миң чакты карылар жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү президент Хамид Карзайдын Кабулдагы ак сарайында АКШ менен стратегиялык шериктештик планын талкуулашты. Пресс-конференцияда Лудин "чогулгандар бул идеяга жалпысынан оң мамиледе болушту" деди.