Тил комиссиясынын жыйыны болгон жок

БИШКЕК. 14-майда президенттикке талапкерлердин мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктоочу лингвистикалык комиссиянын жыйыны башталат. Буга чейин бул жыйын 7-майга белгиленген. Бирок, кыргызтелерадиокорпорациясынын жыйынды түз эфирден көрсөтүүгө бул күнү техникалык мүмкүнчүлүгү болбой калгандыктан, кийинкиге жылдырылды. Өлкөнүн Шайлоо Кодексинин 61-беренесине ылайык, мамлекеттик телекөрсөтүү президенттикке талапкерлердин мамлекеттик тилди билишин аныктоо тартибин түз эфирден көрсөтүүгө милдеттүү. Лингвистикалык комиссиянын биринчи жыйынында президенттикке талапкер болуп катышуу арызын биринчилерден болуп Боршайлоокомго жолдогон Кыргызстан демократиялык кыймылы партиясынын төрагасы Жыпар Жекшеев, өнөр жай жана айыл-чарба кызматкерлеринин кызыкчылыгын коргоо партиясынын төрагасы Акбаралы Айтикеев жана нарколог-врач Жеңишбек Назаралиев сынактан өтүшөт. Борбордук шайлоо комиссиясынан маалымдашкандай, ага чейин башка талапкерлер да арыздарын комиссияга жолдошу мүмкүн. Акбаралы Айтикеев тил комиссиясынын жыйынынын үзгүлтүккө учурашына кыргызтелерадиокорпорациясын күнөөлөдү.