МАЙ, ИЮНДА ЖАРАТЫЛЫШ КЫРСЫКТАРЫ КӨБӨЙҮШҮ КҮТҮЛҮҮДӨ

Кыргызстандын аймагында жаратылыш кырсыктарына байланышкан жагдай курч бойдон кала берүүдө. Бирок аны турукташырууга каражат жетпей жатат. Ишемби күнү биринчи вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу Медетбек Керимкулов жетектеген жумушчу жыйын абалга ушундай баа берди.
Өкмөттүн жумушчу жыйынында ачыкталган маалыматтарга караганда, учурда жер көчкү жүрүү коркунучу бар участоктордун саны 4 миң чамалаш. Жалпысынан тоолуу аймактарда 2 миң чамалаш көл болсо, алардын 200үндө ташып кетүү коркунучу бар. Өлкө аймагында, айрыкча, Баткен облусунун Кызылкыя, Лейлек, Жалалабад облусунун Ноокен, Талас облусунун Сасыкбулак аймактарында кырдаал курч. Акыркы жолку суу ташкын, маселен, Кызылкыяда 600 турак үйдү каптап кетти. Ондогон бүлө үй-жайсыз калды. Медетбек Керимкулов жаратылыш кырсыктарынын кесепеттери тууралуу буларды белгиледи:

- Тыянагында бул аймактарда жашаган калктын социалдык-экономикалык абалы начарлоодо. Жугуштуу илдеттердин саны өсүүдө. Учурда токтоосуз көчүрүү талап кылынган кооптуу жерлерде 400 миңден ашык киши жашап жатат. Жеңилдетилген узак мөөнөттүү ссуда алууга биринчи кезекте 2300 киши турат.

Ал эми турак жай курулуштары боюнча мамлекеттик департаментинин директору Айчүрөк Тазабекованын билдиргенине караганда, 1992-жылдан бери ссудага кезекте тургандардын саны16 миңге жетти. Аларга берилүүчү каражаттын эсеби 460 миллион сомго чамалап барат. Тазабекова бул маселенин создугушун каражаттын жоктугу менен негиздеди.

Алдын алуу чараларынын өз учурунда ишке ашпай жатышынын башкы себептеринин бири катары каржынын тартыштыгын өзгөчө кырдаалдар, айыл чарба, транспорт жана байланыш министрликтеринин өкүлдөрү да белгилешти. Керимкуловдун пикиринде, каражаттын тартыштыгы – жаңылык эмес. Ошондуктан, бөлүнгөн каражаттын зарылдыгын, муктаждыкты каржы министрлигине негиздей билүү жана өндүрө билүү, отчеттуулук, жоопкерчиликти сезүү маселени чечүүнүн маанилүү өңүтү экенин белгиледи. Биринчи вице-премьер-министр ошондой эле ар бир тиешелүү кызматкердин жоопкерчилиги күчөтүлөөрүн жана иштин аткарылышын иликтөөчү комиссия түзүлөрүн билдирди.

Күтүүсүз кырдаалдар министринин орун басары Болот Айдаралиев кырсыкка кирептер болуу себептеринин бири катары күтүүсүз кырдаалдарды алдын алууга жергиликтүү мекемелердин жетиштүү маани бербей жатышын атады:

- Тилекке каршы министрлик даярдаган кырсыктарды божомолдогон документтер көптөгөн тармактарда ачылбаган, окулбаган бойдон калат.

Айдаралиевдин пикиринде, май, июнь айларынын ичинде жергиликтүү бийликтен тарта бардык мекеме-ишканалар жапа тырмак иш алып барбаса, күтүүсүз табият кырсыктары олуттуу кесепеттерге алып келиши ыктымал.