БИШКЕК. Президенттикке талапкерлер жогорку мамлекеттик кызматтарга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарындагы жооптуу кызматтарга өлкөдөгү башка улуттардын өкүлдөрүн да тартуу маселеси боюнча өз позицияларын билдирүүгө тийиш. Бул жөнүндө 6-майда «Менин өлкөм» партиясы тараткан билдирүүдө айтылган. Анда белгиленгендей, соңку жылдары Кыргызстандын тартип коргоо органдары бир улуттун өкүлдөрүнөн турган структураларга айланды. Аталган партия ошондой эле 24-марттагы ыңклаптан кийин орус тилдүү калктын арасынан Кыргызстандан кеткендердин санынын көбөйүшүнө да тынчсыздануусун билдирген. «Менин өлкөм» партиясы жакын арада өлкөдөгү айрым маселелерди талкуулоо үчүн жалпы улуттук форумду өткөрүүнү сунуш кылууда.