Бүгүн (бейшембиде) палестиндер жергиликтүү кеңештерге шайлоо өткөрүүдө өттү. Иордандын Батыш жээгинде жана Газа тилкесинде 84 жергиликтүү кеңештин депутаттык орундары үчүн 2500төй талапкер ат салышты. Бул шайлоо - исламчы жоочулардын Хамас уюму үчүн өзгөчө олуттуу сыноо. Палестин аймагында үстүбүздөгү жылдын июл айына белгиленген парламенттик шайлоодогу Хамастын башкы атаандашы – Фатх кыймылы болоору шексиз. Палестин президенти Махмуд Аббас жетектеген Фатх кыймылы, атаандашы сыяктуу эле, бейшембидеги жергиликтүү шайлоодо көбүрөөк орунга жетүүгө ынтызар болду.
Палестиндердин үстөмдүк кылуучу саясий кыймылы болгон Фатх кыймылы Иордандын Батыш жээгинде жана Газа тилкесинде бейшембидеги жергиликтүү кеңештер үчүн шайлоодо исламчы жоочулардын кубаттуу уюму болгон Хамас менен таймашты.
84 жергиликтүү кеңештин 900дөн ашуун депутаттык оруну үчүн күрөштүн өзү эле олуттуу мааниге ээ. Бул тууралуу Батыш жээктеги Бетлехем шаарынын акими Хана Насир (Hana Nasser) мырза мындай дейт:
- Бул – тарыхый күн. Бул – палестин эли үчүн өзгөчө зор мааниге ээ, анткени, өзүңүздөргө маалым болгондой, палестиндер өздөрүнүн болочокку коомдук түзүлүшү үчүн демократияны тандап алышты.
Бирок палестиндер жана алардын тарыхый коңшусу – израилдиктер үчүн бул шайлоо – алдыдагы июл айына белгиленген парламенттик шайлоого карата Хамас менен Фатхтын алдын-ала жолдомо утуп алуусуна барабар окуя катары да олуттуу маани берүү менен кабыл алынууда.
Жергиликтүү шайлоонун мурдагы айлампасында жоочулардын Хамас тобу кыйла ийгиликке жетишкен. Июл айында болсо Хамас уюму өз тарыхында алгачкы жолу парламенттик орундар үчүн ат салышат.
Иордандын Батыш жээгиндеги университеттердин биринин (BirZeit University) профессору, саясат таануучу Хишам Ахмед (Hisham Ahmed) апрел айындагы студенттик кеңештерге шайлоонун жыйынтыгын эске алып, бул жолу Хамас өз атаандашына жеңилип калышы деле ажеп эмес деп «Азаттыкка» билдирди:
- Башка шайлоолорду алсак, маселен, бир канча университеттерде өткөрүлгөн студенттик кеңештерге шайлоону мисалга алсак, исламчыл топтор дурус натыйжага жетишпегендиги анык. Буга чейинки жылдарда исламчылар кыйла ийгиликке ээ болуп келишкени маалым. Өткөн айда Фатх уюму жогорку окуу жайлардын дээрлик көпчүлүгүндө ийгиликке жетишти окшойт.
Палестин бийлигинин президенти Махмуд Аббас жүргүзүп жаткан соңку чаралар коррупцияга каршы күрөшкө багытталган. Бул чаралар маркум Йасир Арафаттын учурунда кулач жайган паракордуктун жана башка жемкордук көрүнүштөрүн жоюуга гана эмес, бедели түшкөн Фатх уюмунун кадыр баркын кайра көтөрүүгө да багытталган.
Бирок коңшу Израилде палестин аймагындагы соңку кырдаалды реалдуу баалоого умтулгандар да аз эмес. Алардын бири – жөөт серепчиси Вилли Гафни (Willi Gafni) бул жолу деле Хамас уюму көбүрөөк депутаттык орунга жетиши ыктымалдан алыс эмес деп боолголойт:
- Эгерде Хамас жеңчү болсо, анда биз мындай натыйжага карата да тийешелүү кадамдарды иштеп чыгууга тийишпиз деп ойлойм. Биз бул жагдайда тийешелүү бир чараларды жүргүзөбүз, бирок кандай иш-аракет кылаарыбызды айта албайм.
Бирок Хамас уюмун да эскиче кароого болбойт, шайлоого жигердүү катышуу аркылуу бул уюм да кыйла өзгөрүүгө учурап жатат, - деген серепчилер да жок эмес. Алардын бири – жогорудагы сөзгө алынган профессор Хишам Ахмед.
Израил менен сүйлөшүүлөргө баруудан качпаган Фатх уюмунан айырмаланып, Хамас тобу өзүнүн саясий максаты катары Израил мамлекетин жок кылуу мүдөөсүн көздөп келет. Хамастын кээ бир жетекчилери соңку учурда Израил менен сүйлөшүүлөргө баруудан баш тартпай турганын айта баштаган менен, бул топ өзүнүн саясаты түп тамырынан өзгөргөнүн расмий жарыялай элек.