Британияда жалпы шайлоо өтүп жатат

Премьер-министр Тони Блэр үчүнчү ирет катары менен шайлоону жеңип алышы ыктымал. Сурамжылоолор көргөзгөндөй, анын Лейбористтер партиясы консерваторлор менен либерал-демократтардан алдыда баратат. Шайлоо кампаниясынын жүрүшүндө оппозициядагы эки партия тең Блэр Ирак согушунун алдында британ элине калп айткан деген маселени өзгөчө көп көтөрүштү. Премьер болсо өлкөнүн экономикалык абалы чечүүчү фактор болот деп үмүттөнөт.
Шайлоого 44 миллиондон ашуун добуш берүүчү катышууда.
Бүгүн эртең менен болсо Британиянын Нью-Йорктогу консулдугунун алдында граната жарылды. Андан консулдуктун имаратына бир аз зыян келтирилип, бирок жабыркагандар болгон жок.
Нью-Йорк шаарынын мэри Майкл Блуумберг жардыруу жөнүндө буларды айтты:


- Жардыруунун себептери азырынча белгисиз. Жоопкерчиликти өзүнө алып, телефон чалгандар болгон жок. Бул имаратта Британиянын консулдугу жайгашканы чын. Бирок кандайдыр бир жыйынтык чыгаруу азырынча эрте.

Консулдук менен бирге имаратта көптөгөн ишканалар, анын ичинде чет өлкөлүк компаниялар жайгашкан.