Аскар Акаевдин үйбүлөсүнө тиешелүү мүлктөр иликтенүүдө

БИШКЕК. 4-майда “Аскар Акаевдин үйбүлөсүнө тиешелүү мүлктөрдү” иликтөө боюнча өкмөттүк комиссиянын төрагасы Данияр Үсөновдун билдиргенине караганда, текшерүүнүн негизин түзгөн документтер Башкы прокуратурага өткөрүлүп 10 ишканага кылмыш иши козголгон. Дагы 7 ишканага кылмыш иши козголушу мүмкүн. Негизинен текшерилип жаткан ишканалар финансылык тартип бузууларга барып, менчиктештирүү туура эмес жүргүзүлгөн. Үсөнов ошондой эле апрель айында салык, бажы кызматтарынан пландан тышкары 170 млн. сом бюджетке кошумча киреше түшкөндүгүн билдирди. Ал эми комиссиянын мүчөсү Башкы прокуратуранын өкүлү Учкун Каримовдун айтымында, учурда 100 жакын ишкана текшерилүүдө.
Өкмөттүк комиссия текшерүнүн жыйынтыгы тууралуу маалыматты коомчулукка ачык жарыялап, өзүнүн саясий баасын бере турган болду.