ФЕЛИКС КУЛОВ: “МЕН АСКАР АКАЕВ ТҮЗГӨН СИСТЕМАГА КАРШЫ КҮРӨШТҮМ” (2-БӨЛҮК)

Азиза Турдуева, Бишкек Кыргызстандагы президенттик шайлоого талапкер катары көрсөтүлүп жаткандардын бири, «Ар-намыс» партиясынын жетекчиси Феликс Кулов учурдагы саясий кырдаал, алдыдагы президенттик шайлоо тууралуу “Азаттыкка” маек курган эле. Төмөндө ошол маектин экинчи бөлүгүн сунуш кылабыз.
- Феликс мырза, учурда өлкөдө конституциялык реформаны жүргүзүү максатында Конституциялык Кеңешме өзүнүн ишин улантып жатат. Сиздин пикириңзде, Конституциялык реформанын негизги багыттары эмнеде болушу керек?

-Мен азыркы кырдаалда Конституцияны өзгөртүүнү өлкөдөгү стабилдүүлүктү жана демократияны бекемдөөнүн алкагында карашыбыз керек деп эсептейм. Ушуга байланыштуу президенттике талапкерлер, биздин парламент, атуулдук коом президенттик шайлоодон кийин өлкө башчысынын ыйгарым укуктарынын кыскартылышы боюнча бир пикирге келүүгө тийиш. Премьер-министрдин укуктары кеңейтилиш керек. Ошондо президенттик кызматка ашкере умтулуу болбойт. Бүгүнкү күндө президент өтө чоң ыйгарым укуктарга ээ. Ошондуктан, аларды кыскартуу зарыл. Ошондо шайлоочулар да кайсы талапкерди президенттикке шайлаш керектигин, кайсы талапкер премьер-министрликке ылайыктыгын жакшы билип калат. Экинчиден, биз азыр башкы көңүл бура турган маселе –сот бийлигинин көз карандысыздыгын камсыздоо. Бүгүнкү күндө биздин өлкө башчыбыз сот органдарына карата да өз бийлигин таратат. Ошол эле учурда ал аткаруу бийлигине да, мыйзам чыгаруу органына да таасирин көрсөтө алат. Буга бөгөт койулууга тийиш. Үчүнчүдөн, биз атуулдук коомдун ролун жогорулатышыбыз керек. Парламенттин депутаттарынын санын да көбөйтүү абзел. Парламентке партиялык тизмелер боюнча кошумча дагы 30 депутат шайланышы керек. Биздин өлкөдө партиялардын ролу да жогорулатылышы зарыл. Ошону менен бирге өз алдынча башкаруу органдарын бекемдөө маселесине да көңүл буруу маселеси да турат. Эгерде ушундай өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча бир пикирге келе алсак, биз парламенттик шайлоонун учурунда орун алган сыяктуу толкундоолордун болушуна бөгөт койо алабыз.

- Сиз буга чейин эгерде мен президент болуп шайлансам, 2010-жылы Кыргызстан парламенттик башкарууга өтөт деп айттыңыз эле?

- Ооба, мен буга чейин эгерде президент болсом, анда өлкөдө президенттик мөөнөт бирөө гана болот, биз 5 жылдан киийн парламенттик республикага өтөбүз деген пикиримди билдиргенмин. Бирок ал үчүн саясий партиялардын ролу жогрулатылышы керек. Эң башкысы, биз оппозиция жөнүндөгү мыйзамды кабыл алышыбыз керек. Бул өтө зарыл. Оппозиция мамлекетти башкарууга катышышы керек. Ошондо кызмат орду үчүн азыркыдай умтулуу болбойт. Оппозицияда жүрүп, саясий салмакка ээ болуу менен бирге, ошол эле учурда эч нерсеге жоопкерчиликтүү болбойм деген да саясатчылар көп болот. Менин пикиримде, бизде мындай категориядагы саясатчылар бар. Бул да өлкөдөгү стабилдүүлүккө, башкаруунун ачык-айкын болушуна өбөлгө болот.

- Оппозиция жөнүндө сөз кылып калдыңыз, 24-марттагы ыңклаптын жеңишине өлкөдөгү тогуз оппозициялык партиядан түзүлгөн Кыргызстан Элдик кыймылынын салымы кандай болду деген көз караштасыз?

-Менин пикиримде, саясат таануучулар, адистер келечекте бул окуяга, анын себептерине баа беришет. Менимче, бул окуяга бардык саясий партиялар өздөрүнүн салымдарын кошту. Бирок бийлике жигердүү каршылык биздин өлкөнүн түштүгүндө башталды деп айтсак болот. Бийликке каршы масссалык нааразылык ошол жерде башталды. Биз дайыма эле элдин кыймыл-аракетин, мисалы, алар администрациялардын имараттарын ээлеп алган учурларда башкара албай калабыз. Элдик толкундоолор аларды башкарууга аракеттенген адамдардын көзөмөлүнөн чыгып кетти. Бишкекте да ошондой эле кырдаал болду. Мен ойлойм, биз элге кайрылып, аларды көтөрүлүүгө чакыруулардан этият болушубуз керек. Анткени, ушундай учурларды өздөрүнүн кызыкчылыктарында пайдаланган күчтөр бар. Мына 24-25-март күндөрү Бишкекте да ушундай абал түзүлдү.

- Феликс мырза, учурда өлкөбүздүн коопсуздугуна байланыштуу маселелер- жалпы элди тынчсыздандырган маселелердин бири. Бүгүнкү күндө Кыргызстандын коопсуздугуна, өлкөдөгү туруктуулукка коркунуч туудурган кандай күчтөр бар?

-
Биринчи кезекте өлкөнүн коопсуздугуна коркунуч жараткан күч - бул чиновниктердин коррупциясы деп айтсак болот. Анткени, коррупцияланган чиновник дайыма кылмыштуу элементтерди калкаалап турат. Экинчи маселе – жер-жерлерде бийликтин жоктугу. Тилекке каршы, жер-жерлерде тартип өтө жайбаракат калыбына келтирилип жатат. Биз өздөрүнүн анчейин маанилүү эмес максаттарын ишке ашыруу үчүн адамдарды көчөлөргө алып чыгып жаткан айрым ишмерлерибизди мыйзамдуу жол менен акылына келтире албай жатабыз. Алардын бири 100 адам, экинчиси 50 адамды пикеттерге алып чыгып, мамлекеттик органдардын имараттарын ээлеп алууну өнөкөт кылып алышты. Бул көпкө созулушу мүмкүн эмес. Эгерде мындай көрүнүштөр улантыла берсе, биз өлкөдөгү башкаруу мүмкүнчүлүгүн жоготуп койобуз. Бул кайра ордун толтургус жоготууларга алып келет.

- Азыр президенттикке айрым талапкерлер тарабынан президенттик шайлоо жана андан кийин өлкөдө туруктуулукту сактоо үчүн макулдашууга кол коюлушу керек деп айтылып жатат. Мындай макулдашуу жардам берээрине көзүңүз жетеби?


-
Мен мындай макулдашуу стабилдүүлүктү сактоого жардам берет деп ишенгим келет. Биз бул боюнча өзүбүздүн сунуштарыбызды даярдап жатабыз. Мындай сунуштар атуулдук коом тарабынан да даярдалууда. Азыр эл талапкерлердин өлкөдөгү кырдаалга кедергесин тийгизип коуйушунан чоочулап турат. Ошондуктан президенттик шайлоо өнөктүгүндө административдик ресурстардын колдонулушуна жол бербөө, шайлоодо ыплас технологияларды, криминалдык күчтөрдү тартууга бөгөт койуу үчүн макулдашууга кол коюлушу керек. Эң башкысы, аны талапкерлер аткарышы керек.

- Азыркы өкмөттүн коррупцияга каршы күрөшүү боюнча аракеттерине кандай карайсыз?

-
Менин саясатчы катары максатым - өлкө жетекчисинин милдеттерин аткарып жаткан Курманбек Бакиевдин аракеттерин колдоо. Бул планда мен ага карата кандайдыр бир билдирүүлөрдү жасаган жокмун. Эгерде пикирим болсо, мен аны жеке өзүнө билдирем. Мен ага өлкөдө конституциялык тартипти, шайлоону конституциялык жол менен өткөрүүнү ийгиликтүү камсыз кылуусун каалайм.

- Эгерде 24-марттагы ынклап болбосо, сиз сот тарабынан акталып, президенттик шайлоого талапкер катары катышууга мүмкүнчүлүгүңүз болобу эле?

- Мен эртеби, кечпи актала тургандыгымды билгемин. Менде эч кандай күмөн болгон эмес. Анткени, адамдын күнөөсү болбогондон кийин, ал ага күч берет экен. Ушундай ишеним болгондуктан, мен баарын башыман оңой өткөрүп, азыр түрмөдө отурганымды да унутуп койдум. Менин мүнөзүм ушундай, баарын бат унутам. Бул менин жашоомдо жардам берет. Мага айрым адамдар эмне үчүн сен Аскар Акаевди мынчалык оңой эле кечирдиң дешет. Мен аны кечиргеним биздин жеке маселебиз. Акаев менин саясий душманым болчу. Ал азыр жеңилген душман. Мен анын адамдык сапаттары жөнүндө эч качан жаман сөз айткан эмесмин. Мен дайыма айтып келем, мен Аскар Акаев түзгөн системага каршы күрөшкөнмүн. Мындай система болбошу үчүн мындан ары да күрөшө берем.