Германия канцлери бүгүн Түркия жетекчилиги менен сүйлөшүү жүргүзөт

Герхард Шрөдөр бүгүн Анкарада түрк өкмөт башчысы Режеп Тайып Эрдоган жана өлкө президенти Ахмед Неджет Сезер менен жолугат. Ал эки күндүк иш сапары менен Түркияга кечээ кечинде келди. Герхард Шрөдөр ошондой эле Стамбулга барып, түрк ишкерлери менен кездешмекчи. Соңку кездери Түркиянын дарегине былтыр декабрда Евробиримдикке мүчөлүк маселеси боюнча сүйлөшүү баштоосунун мөөнөт катары быйылкы жылдын октябрь айы аталгандан бери реформалар жайлады деген сын –пикирлер айтылууда. Түрк өкмөтү болсо мындай пикирлер менен макул эмес. Түркиянын Евробиримдикке мүчө болуу ниетин ачык колдоп келе жаткан немец канцлери сүйлөшүүлөрдө түрк жетекчилигин реформаларды ыкчамдатууга чакырмакчы.