Бул тууралуу Австралиянын премьер- министри Жон Хоувард билдирди. Ал радиодон сүйлөгөн сөзүндө белгилегендей, Австралиянын тышкы саясатын террорчулар аныктабайт. Премьер- министрдин жогорудагы билдирүүсү астында Иракта согушкерлердин колунга барымтага түшүп калган, өзүн австралиялык алтымыш үч жаштагы Дуглас Вуд деп атаган адамдын АКШ, Австралия Британияга кайрылуусу түшүрүлөгөн видеотасма таратылган:
-Туугандар, достор Американын, Австралиянын, Британиянын аскерлерин бул жерден чыгарууга жардамдашкыла. Ирак өзүнө -өзү жооп берсин. Ирактыктар кудуреттүү, алар өзүнө кам көрүп, коңшуларына каршы тура алат. Мага жардамдашкыла. Мен өлүүнү каалабайм.
Барымтага түшкөн адамдын билдирүүсүнө караганда, ал Иракта бир жылдан ашуун убакыттан бери америкалык аскерлер менен иштешкен. Бирок эмне менен алектегени азырынча белгисиз.