1-Май дүйнө өлкөлөрүндө митинг, демонстрациялар менен белгиленди

Кечээ дүйнөнүн ар кайсы мамлекеттеринде 1-Май менен байланышкан митинг, демонстрацияларга миллиондогон адамдар чыкты. Германияда, маселен, профсоюз уюмдары уюштурган мындай иш чараларга жарым миллиондой адам тартылган.

Орусияда болсо 1-май өлкөнүн алты жүздөй шаар - кыштактарына белгиленди. Москвада Орусиянын Коммунисттик партиясы уюштурган демонстрациянын миңдеген катышуучулары Ленин менен Сталиндин портреттерин көтөрүп жүрүшсө, профсоюздар тарабынан өткөрүлгөн митингке чогулгандар өкмөттүн социалдык реформаларына каршылык билдиришти.

Азиядан Бангладеште көчөгө чыккан манифестанттар минималдык эмгек акынын көбөйтүлүшүн, эмгек коопсуздугунун нормалары сакталышын, Непалдын башкалаасы Катмандудагы демонстрациянын катышуучулары өлкө демократияга кайтуусун талап кылышты.

Стамбулда тыюу салынган демонстрацияга чыкканы үчүн түрк полициясы 50 адамды камакка алды. Ал эми бийликте коммунисттер турган Кытай менен Кубада 1-Май расмий түрдө майрамдалды.