КДК партиясы Кыргызстан элдик кыймылынан бөлүндү

БИШКЕК. 30-апрелде Бишкекте Кыргызстан демократиялык кыймылы партиясынын кезексиз чакырылган 7-курултайы өттү. Анын ишине өлкөнүн бардык региондорунан келген 100гө жакын делегат катышты. Курултайда партиянын саясий кеңешинин орунбасары Жыпар Жекшеев Кыргызстандагы азыркы коомдук-саясий абал боюнча маалымат берди. Ал өлкөдө саясий кырдаал опурталдуу бойдон сакталып жактандыгын белгилеп өттү. Курултайдын чечими менен Кыргызстан демократиялык кыймылы партиясы Кыргызстан элдик кыймылынынын курамынан расмий түрдө чыкты. Партия мындан ары ишкер Урмат Барктабасовдун жетекчилигиндеги «Мекеним Кыргызстан» жаңы муун кыймылы менен кызматташмакчы. Курултайда партиянын саясий кеңешинин төрагалыгына Жыпар Жекшеев шайланды. Кыргызстан демократиялык кыймылы 1990-жылы түзүлүп, 1993-жылы партия болуп жарыяланган.