Россиянын бир катар чөлкөмдөрү топон суудан жабыркады

МОСКВА. Россиянын бир катар чөлкөмдөрү топон суудан жабыркады. Маалыматтарга караганда, Иркутск, Красноярск, Самара, Курган областтары менен Башкурстанда жүздөгөн турак үйлөрдү суу каптады. Иркутск областында шаршемби күнү топон суудан бир аял курман болду. Красноярск областында топон суу тосмону жырып кетип, 15 үйдү каптап кетти. Кызмат милдеттерин аткарууда "кенебестик кылган" деген кине менен бир нече кылмыш иши ачылгандыгы маалымдалат.

Баян Жумакадыр кызы, Прага шаары