БИШКЕК. Башкы прокурордун милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин депутаты Азимбек Бекназаров телефон аркылуу коркутуулар болуп жатканын 29-апрелде билдирди. Анын айтымында, белгисиз адамдар кайсы бир депутат же белгилүү инсан катары өзүн тааныштырып «бала-чакаңдын тагдырын ойло», «абайла» деген сөздөрдү айтышууда. Мунун баары биздин коррупциялык иштердин бетин ачуу аракетибизге байланыштуу болуп жаткан иш, бирок алар бизди коркута алышпайт, деди Азимбек Бекназаров.