Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоого даярдык көрүүдө

БИШКЕК. 10-июлга белгиленген президенттик шайлоого катышуучу талапкерлердин программаларын чагылдырууга 108 маалымат каражаты катышат. Алардын ичинде 66 газета-журнал, 21 телекөрсөтүү жана 21 радио бар. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы 29-апрелде маалымдады. Борбордук шайлоо комиссиясы ошондой президенттик шайлоого байланыштуу аткара турган иш-планын да жарыялады. Ал боюнча поезиденттикке талапкерлерди көрсөтүү 26-майда аяктап, каттоо 13-июнга чейин жүргүзүлөт. Ал эми катталган талапкерлер үгүт иштерин 14-июндан тарта баштап, 9-июлга чейин жүргүзө алышат.