Япониядагы темир жол кырсыгында набыт болгондордун саны көбөйдү

Дүйшөмбү күнү Япониянын Амагасаки шаарчасындагы болгон темир жол кырысыгында курман болгон адамдардын саны 100-дөн ашып кетти.
Кыйрандыда калган адамдардын жасаттарын издөө иштери дале улантылууда.
Темир жолдон чыгып кеткен поезд турак үйгө кулап түшкөндө 400-дөн ашуун киши жарадар болгон.
Бул акыркы 40 жылдан ашык убакытта Японияда болгон эң чоң кырсык.