Облустук социалдык фонд башкармалыгынын иш жамааты ачкачылык жарыялап, иш ташташууда

ЖАЛАЛАБАТ. Башкармалыктын ачык күн алдында ачка отурган 20 кызматкери бул акциясын 27-апрелде баштаганын билдиришти. Эки күндөн бери ачка отурган адамдардан облус жетекчилиги жана дарыгерлер кабар албаган. Эки кызматкердин ашказандагы өнөкөт оорусу кармагынын айтышты. Алар мекемени буга дейре убактылуу башкарган Батыркулов Базарбекти башчылыкка бекитүү талабын коюшуп, республикалык социалдык фонддун төрайымынын буйругу менен башчылыкка дайындалган Эмил Алыбевдин кызматта отурушуна каршы чыгышууда. Талабы аткарылгыча ачкачылыгын уланта беришерин алар маалымдашты. Кадр маселесин туура чечүү талабы менен алар облус губернатору менен республикалык социалдык фонд башкармалыгына, убактылуу президент Курманбек Бакиевге жана Жогорку Кеңештин төрагасы Өмүрбек Текебаевге да кайрылуу жиберишти.