Россиянын президенти Мисирде өлкөнүн президенти менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү

КАИР. Россиянын президенти Владимир Путин менен Мисирдин мамлекет башчысы Хосни Мубарак бүгүн Каирде жүргүзгөн сүйлөшүүлөрдө Улуттар уюмунун Ирактагы ролун жогорулатууга үндөштү. Сүйлөшүүдөн кийин өткөрүлгөн прессконференцияда Мубарак Улуттар уюму Ирактын конституциялык жана мыйзам чыгаруу институттарын курууга көмөктөшүүсү керек деп билдирди. Ал эми Путин Жакынкы Чыгыш маселелерин талкуулоо үчүн Москвада быйыл атайын конференция өткөрүүнү сунуш кылды.
Андай конференцияны Москвада жаңжалга тийешеси бар баардык тараптардын, ошондой эле Жакынкы Чыгыш тынчтык процессиндеги ортомчулар Россия, АКШ, Еврошаркет менен Улуттар уюмунун катышуусунда өткөрүүнү сунуш кылабыз,- деди Путин. Путин Мисирге кечээ келди. Бул Россиянын мамлекет башчысынын Мисирге акыркы 40 жылдан бери биринчи жолу келиши.
Путин ошондой эле Израилде жана Иордандын батыш жээгинде болуп, Израилдин жана Палестин автономиясынын жетекчилери менен сүйлөшөт.