Муса Мураталиев ЮКОС концернинин мурдагы жетекчиси Михаил Ходорковский менен МЕНАТЕП жетекчиси Платон Лебедев үстүнөн жүргүзүлгөн тергөө иштери боюнча өкүмдү Москванын Мещандык соту мурда жарыялагандай 27 апрелде эмес, 16 майда чыгармак болду. Соттун кийинкиге жылдырылышы фемиданын өкүмдү жазып бүтпөгөнүнө байланыштуу болду. Мещандык сот имаратынын алдында «Болочок - Ходорковскийдики» ураан астында пикет өткөрүлдү.
2003 жылы Орусияда өндүрүлчү кара майдын ар бир бешинчи бочкесин ЮКОС концерни жерден саап алып турган. Анын кожоюну Михаил Ходорковский өлкөдөгү эң бай киши болуучу. Ал мындан тогуз ай мурда кармалып, мамалекеттик менчикти уурдоо, салык төлөөдөн качуу, алдамчылык кылуу жана башка кинелер болуп баардыгы 7 берене менен тергелип атат. Ушул шаршембиде, б.а. 27 апрелде анын үстүнөн сот өкүмү чыкмак. Бирок ал бүгүн 20 күнгө ары жылдырылды.
Эгерде сот Ходорковскийди күнөөлүү деп тапса, анда аны 10 жылга кесет дешет. Мынчы мөөнөттү орусиялык башкы прокурор орун басарларынын бири Колесников былтыр айткан эле. Айып тагылып аткан Михаил Ходорковский болсо «Платон Лебедев сыңары менин күнөөм жок, мындай саясий оюнду менин колуман ЮКОСту тартып алыш үчүн бийлик атайылап жасады» деп кайра бийликти күнөөлөдө.
Эмнеси болсо да эл көзүнө түшкөн жагы - бир жарым жыл ичинде өлкөдөгү эң ири концерн ЮКОСтун аты калып заты жоголгонсуду. ЮКОСко байлык кошуп аткандар кача башташты. Мисал катары геологиялык чалгындоо ишин жасап, концернди жерди бургулоочу машинелер менен жабдып келаткан франциялык Schlumberger компаниянын кетип калышын айтса жетиштүү болор.
Миллиарддаган доллар салык төгүүгө аргасыз болгон ЮКОСтун акчасы көбөйгөндө, сот анын негизги муунай өндүрүүчү компаниясы «Юганскнефтегазды» ажыратып, өкмөт анны насыясына чегирип, былтыр 19 декабрде сатып алды. «Юганскнефтегаз» акыры келип президент Путиндин жакшы санаалашы Игорь Сечин жетектеген мамлекеттик «Роснефть» компаниясына коушлду.
Ходорковский мырза ошондон кийин кат аркалуу өзүн «туура эмес олигарх» болгон экемин деп өкүндү. Ал, чындыгында, бийликке карматпай качып кете алар эле. Ошого карабай ал «өз ыктыяры менен» колго түшүп берген десе болор. Мындан бир жарым жылыдан мурун колу жолу бош кезде ал Орусияны таштап кете албайм деп айткан:
- Мен саясий бозгунда болууну каалабайм. Эгерде мени өлкөдөн сүрүп чыгаруу же абакка олтургузуу тапшырмасы болсо, анда мени абакка олтургузушсун! Саясий бозгунчу боло албайм!-
ЮКОС ири концерндин тогуз ай ичинде урашы өлкөнүн экономикасы гана эмес ички саясий жагдайына да таасирин тийгизди деген пикир бар. Аны кимдир бирөөлөр экономиканы жандандыруу максатында Кремлдин ойлоп тапкан жолу деп чечмелешет. А кай бирлери болсо арам жол менен жыйылган ири байлык ээлери сөзсүз сот алдында жооп бериши керек дешип, ал катарга Ходорковский байдын ысмын да кошушууда.
Ал эми 27 апрелде Маскөөдө, Мещандык сот алдында өткөн пикетке кайра келсек, ал жерде орусиялык олигарх үстүнөн чыкчу өкүмдүн арыга жылып кетишин саясатчы Гарри Каспаров мындайча чечмеледи:
- Сот дагы бир жолу өзүнүн Орусиядагы аткаруу бийликтин ажырагыс бөлүгү болуп алганын көргөздү. Ал Кремль буюрган эрежеге карап иштей тургандыгын айгинеледи. Азыр Путин Израилге бара жатканда сот өкүмүнүн чыгарылышы саясий жактан алганда акылсыздык болор эле. Алдыда Путиндин пайдасы үчүн өткөрүлө турган жеңиш күнүн майрамдоо да турат. Ошондуктан сот өкүмү азыр чыкса, Путин өзүнүн федералдык кайрылуусунда айтып жиберген, андан сырткары чет өлкөлүк өнөктөштөрүнө дайыма айтып келаткан кебинен айнып калгандай болуп көрүнөр эле - дейт оңчулдар лидерлеринин бири Каспаров .