Бакыт Аманбаев Кыргызстандын Башкы прокуратурасы Аскар Акаевдин мезгилиндеги эң ири коррупциялык иштердин, анын ичинде 1993-жылы Кыргызстандан чыгарылып кеткен эки тоннага жакын алтындын чоо жайын жакынкы жүз күндүн ичинде иликтеп, коомчулукка ачык жарыялай тургандыгын маалымдады. Алтынды иликтөө боюнча 1993-жылы түзүлгөн парламенттик комиссиянын мүчөлөрү эки тонна алтын ошол кездеги өкмөт башчы Турсунбек Чынгышевдин колу менен өлкөдөн чыгарылып кеткендигин айтышат. Ал эми Турсунбек Чынгышев болсо, алтын Аскар Акаевдин жетекчилиги менен өкмөткө басым көрсөтүү менен чыгарылып кеткендигин маалымдады.
1993-жылы жергиликтүү маалымат каражаттары ошол кездеги аткаруу бийлиги Кыргызстандын эки тонна алтынын мыйзамсыз түрдө өлкөдөн алып чыгып кеткендигин жазып чыгышкан. Натыйжада алтынды иликтөө боюнча парламенттик комиссия түзүлгөн. Комиссиянын жетекчиси болуп ошол кездеги депутат Шергазы Мамбетов, анын орун басарлыгына Рамазан Дырылдаев шайланышкан. Көп өтпөй мына ошол комиссия парламенттин отурумунда алтын боюнча маалымат берген. Талкуунун натыйжасында Турсунбек Чынгышев баштаган ошол кездеги өкмөт кызматтан кетирилген.
- Эки тонна алтынды Аскар Акаев жана анын тегерегиндегилер мыйзамсыз түрдө контрабандалык жол менен чыгарып кетишкен. Анын баары парламенттин 1993-жылдын декабрь айындагы отурумунда эки апта бою каралган. Талкуу соңунда Чынгышевдин өкмөтүнө ишеним көрсөтпөө керек деген жыйынтык чыгарылга -.дейт Рамазан Дырылдаев бул окуя тууралуу.
Ошондой эле Рамазан Дырылдаев талкуунун соңунда парламент тарабынан атайын токтом кабыл алынгандыгын билдирет:
- Токтомдо Аскар Акаев, Турсунбек Чынгышев, Кемелбек Нанаев, Аскар Сарыгулов жана башка бир топ кишилерди жоопко тартуу жөнүндө атайын пункт менен жазылган. Ишти Башкы прокуратурага тапшырганбыз.
Мына ошол парламентттин отурумунан кийин көп өтпөй, Кыргызстанда парламенттик кризис түзүлгөн. Парламенттин жүз кырк төрт депутаты отурумга келбей койгондуктан 1994-жылы 2-сентябрда парламент таратылган. Натыйжада, Кыргызстанда референдум өткөрүлүп, эки палаталуу парламент түзүлгөн да, Башкы прокуратура алтын боюнча козголгон кылмыш ишин жапкан.
Рамазан Дырылдаев:
- Башкы прокуратура 1994-жылдын август айында бул иште кылмыш жок деген негизде жапкан. Чынында ал жерде кылмыш өтө көп. Ал иликтенбей калган.
Башкы прокурордун милдетин аткаруучу Азимбек Бекназаров жакында парламентте маалымат берип, Кыргызстандан 1993-жылы чыгарылып кеткен алтын боюнча кылмыш иш кайрадан тергеле баштагандыгын маалымдады. Ал эми ошол кездеги өкмөт башчы Турсунбек Чынгышов болсо, алтын маселеси боюнча пикирин «Азаттыкка» минтип билдирди:
- Бул алтындын кырк пайызы менден мурда эле чыгарылып кеткен. Бул ишти Акаев, Исанов, Сарыгулов, Нанаев дегендер башкарган. Мен келгенде алар баштаган ишти улантканбыз. Кийин алтын менин колум менен кеткен. Мен биздин өлкөнүн аймагынан чыгарыш үчүн гана кол койгомун. Ал эми ал алтын кайда, кимге кеткендигин ошол кездеги Улуттук банктын жетекчилиги так билет. Мен ал тууралуу эч нерсе билбейм.
Ошондой эле Чынгышев 1993-жылдагы алтын Аскар Акаевдин жетекчилиги менен өкмөткө кысым көрсөтүү менен чыгарылып кеткендигин айтат:
- Бул алтындын баары Аскар Акаевдин жетекчилиги менен кеткен. Мен кол койбой койгонго аракет кылгамын, бирок өтө чоң кысым болгон.
дейт 1993-жылкы өкмөт башчысы Турсунбек Чынгышев.
Ошентип, 1993-жылы өлкөдөн чыгарылып кеткен алтын тууралуу азырынча так маалымат жок. Ал эми Чынгышев болсо алтын чет өлкөдөгү банктарда калгандыгын кошумчалады:
- Алтындын баары Швейцарияда кала берген. Мен кызматтан кеткенден кийин атайын комиссия ал алтындын баары ордунда, эч жакка жоголгон жок деген чечим чыгарган. Швейцарияда калгандыгы айтылган.
Белгилей кетүүчү нерсе, соңку мезгилдери коомчулукта Кыргызстандын башкы прокурорунун жогорудагыдай аракетинен натыйжа чыгабы деген суроо жаралууда. Жогорку Кеңештин төрагасы Өмүрбек Текебаев Башкы прокуратуранын аракетинен эч натыйжа чыкпайт дейт:
- Башкы прокурор башкасын айтпаганда «Кумтөр» кени арзан сатылып кеткендигин далилдеш керек. Аны далилдей албайт. Анткени Сарыгулов мамлекеттик катчы болуп отурат. Башкы прокурор Аксы окуясы боюнча да иш жасай албайт. Себеби ага тиешелүү адамдар Бакиевдин колтугунда турушат.
Ошол эле мезгилде төрага Өмүрбек Текебаевдин жогорудагыдай пикирине укук коргоочу Рамазан Дырылдаев макул эмес:
-Менин оюмча иликтөөдөн кандайдыр бир жыйынтык чыгат. Анткени коомдук көзөмөл күчтүү. Ошондой эле Азимбек Бекназаров коррупциялык иштерден алыс. Ага ишенсе болот.