АКШ өкмөтү Ирак жетекчилигине кайрылып, аны тез арада жаңы өкмөт түзүүгө чакырды. Мамлекеттик катчы Кондолиза Райстын айтымында, парламенттик шайлоодон бери үч ай өтүп кетти жана Ирак элинин өкмөтү болушу керек: "Саясий жараяндын удулун кармаш керек, бул азыр өтө маанилүү. Биз ал тууралуу такай айтабыз жана дагы бир жолу кайталайбыз", - деди Райс айым. Көптөн бери улам кийинкиге калтырылып келип, өкмөттүн курамы 25-апрелде жарыяланмак, бирок дагы бир жолу кийинкиге калтырылды.