Тажик оппозициялык саясатчысы кайрадан камакка алынды

Тажикстандын башкы прокурору Бобожон Бобохонов бүгүн атайын билдирүү жасап, өлкөнүн мурдагы ички иштер министри Якуб Салимов 15 жылга эркинен ажыратылганын жарыялады. Ал мамлекеттик төңкөрүш уюштурууга аракеттенген деп күнөөлөнгөн. Андан тышкары, Бобохоновдун айтымында, оппозициялык Демократиялык партиянын төрагасы Махмадрузи Искандаров дагы камакка алынды. Искандаров алгач декабрда Орусияда кармалган, бирок аны Тажикстанга өткөрүп берүүдөн Маскөө баш тартып, андан кийин бошотуп жиберген. Өткөн аптада болсо оппозиция Искандаровдун кайда экени белгисиз деп жарыялаган. Тажик бийлиги аны терроризмге катышы бар деп күнөөлөдө.