Бишкекте «Ашар» коомунун 15-жылдыгы жана ыңкылаптын 1 айлыгы белгиленди

БИШКЕК. 24-апрелде Бишкектеги «Аккула» ат майданында «Ашар» коомунун 15 жылдыгына жана Кыргызстандагы ыңкылаптын бир айлыгына арналган салтанат болду. Аны «Ашар» коомунун төрагасы Сабыр Мукамбетов ачып, үй куруучулар кыймылы Кыргызстандагы демократиянын башатында тургандыгына токтолду. Анда ошондой эле Жогорку Кеңештин төрагасы Өмүрбек Текебаев, биринчи вице-премьер-министрдин милдеттерин аткаруучу Медетбек Керимкулов, президенттин администрация жетекчисинин милдеттерин убактылуу аткарып жаткан Үсөн Сыдыков, Бишкек шаар башчысы Аскар Салымбеков сөз сүйлөштү. Үсөн Сыдыков кыргыз өкмөтү мындан ары өлкөдө турак-жай маселесин чечүүгө башкы көңүл бураары тууралуу айтып өттү. Жыпар Жекшеев менен Топчубек Тургуналиев өз сөздөрүндө 24-марттагы ыңкылаптын маанисине токтолуп, мындан ары Кыргызстан социалдык-экономикалык жактан өнүккөн мамлекетке айланат деген ишенимдерин билдиришти. Сөз сүйлөгөндөр «Ашар» кыймылынын коомдогу ролуна жана аткарган иштерине жогору баа беришти. Салатанаттын калган бөлүгү кыз-куумай, көк-бөрү улуттук оюндары, концерттик программа менен коштолду.