Президенттик шайлоого чет өлкөлөрдө жашаган кыргыздар да добуш бериши керек

БИШКЕК. Кыргызстандагы «Эркиндик» партиясы президенттин милдеттерин аткаруучу Курманбек Бакиевге кайрылуу жолдоду. Анда Кыргызстандын чет өлкөлөрдө жашап, иштеп жаткан атуулдарынын президенттик шайлоого катышуу маселеси козголгон. Бул тууралуу 24-апрелде «Азаттыкка» аталган партиянын жетекчиси Топчубек Тургуналиев билдирди. Анын айтымында, Россияда, Казакстанда жана башка өлкөлөрдө жашап, иштөөгө мажбур болгон кыргыздар Кыргызстандын ошол жерлердеги консулдуктарында ачылган добуш берүүчү жайларында тигил же бул талапкерге өз добуштарын берүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушу керек. «Эркиндик» партиясы ошондой эле 10-июлдагы президенттик шайлоого катыша турган талапкерлер тарабынан Конституциялык реформаны жүргүзүүгө алдын ала макулдук берилиши зарыл деп эсептейт. Ошондуктан, президенттик шайлоого чейин өлкөдө Конституциялык кеңеш түзүлүп, Конституциялык реформанын башкы багыттары аныкталууга тийиш.