Күйөө баланын фирмалары текшерүүгө алынууда

БИШКЕК. Башкы прокуратура «Манас интернешнл», «Аалам сервис» жана «Кыргыз авиейшин сервисес» ишканаларынын ири өлчөмдө салык төлөбөөсүнө байланыштуу кылмыш ишин козгоп, «Манас интернешнл сервис» фирмасынын «Энергобанктагы» 670 миң 820 долларын, «Аалам сервистин» 70 миллион сомдон ашуун мүлкүн камакка алды. Бул ишканалар президенттин күйөө баласына таандык деп келинген. Башкы прокуратура ошондой эле мамлекетке 7 миллион евродон ашуун зыян алып келген Европа өнүктүрүү жана реконструкциялоо банкынын насыясы жана башка миллиондогон сом зыян алып келген чуулуу иштер боюнча тергөө иштерин жандантууда. Башкы прокуратура коррупцияга каршы күрөштүн алкагында 50дөн ашуун чарбалык субьектерди текшерип жатат. Алардын ичинде мурунку президент Аскар Акаевдин үйбүлөсүнө таандык ишканалар бар, деп белгиледи Азимбек Бекназаров.