Бекташ Шамшиев 22-апрелде Жогорку Кеңештин депутаттары Дооронбек Садырбаевдин демилгеси менен сунушталып аткан Шайлоо кодексине өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзам долбоорун талкуулап, жашыруун добуш берүү тууралуу чечим кабыл алышты. Анын жыйынтыгында мыйзам долбоору депутаттардын колдоосуна ээ болгон жок.
Шайлоо кодексине жаңы мыйзам долбоорун сунуштаган депутат Дооронбек Садырбаев президент шайлоого талапкерлердин баарына бирдей шарт түзүлүшү керек дейт. Президент болгусу келген жогорку кызмат адамы шайлоо алдында үч айга ишин таштап, катардагы талапкер катары сыноого катышуусу абзел.
- Үч айга чейин өлкө эчтеке болбойт. «Акаев кетсе өлүп калабыз» дегендер өлбөй эле бийлик талашып азыр кыйкырып жүрүшөт. «Бакиев кетсе өлүп калабыз» деген силер деле эч нерсе болбойсуңар. Кыргыз эли жүрө берет,- дейт Дооронбек Садырбаев.
Түпкүлүгүндө демократиялык изги тилек, илгери үмүттү аркалаган мыйзамдын минтип президенттик шайлоого чукул апыл-тапыл чыгып калышын депутат Исхак Масалиев кайсы бир саясий күчтөрдүн кызыкчылыгына байланышкан маселе деп эсептейт.
- Себеби мында саясий кызыкчылыктар болуп атат да. Менин жеке пикирим ушундай. Мында кээ бир саясатчылардын өзгөчө кызыкчылыгы бар. Бул бүгүнкү күндө иштеп аткан премьер-министр, президент милдетин аткаруучу Курманбек Бакиевге шартты кичине төмөндөтүш максатында чыгууда.
Кыйла кызуу талкуудан соң парламент депутаттары Дооронбек Садырбаевдин Шайлоо кодексинин 28-беренесинин 2-пунктуна толуктоо киргизүү тууралуу президент шайлоо алдында ушуну менен үчүнчү ирет коюлуп жаткан мыйзам долбоору жашыруун добушка коюлду.
Жыйынга катышкан 63 эл өкүлүнөн мыйзам долбоорун колдоп 35 депутат «макул» деп, 25 депутат «каршы» добуш беришти. 9 бүлетен керексиз деп табылган. Жаңы мыйзам депутаттардын басымдуу көпчүлүгүнүн колдоосуна ээ болбой калышынын жөн-жайын Доорнбек Садырбаев мындайча түшүндүрдү:
- Абдан жакшы каршылык көрсөткөнүңөр үчүн бардыгыңарга алкыш айтамын. Себеби дегенде, бул маселе биринчи жолу добушка салынганда 9 эле киши колдогон. Адахан Мадумаров анда мен тарапта болчу. Кийинки жолу салынганда 13кө жеткенбиз. Андан соңкусунда 19га жеткенбиз. Азыр 25 депутат колдоду, ырахмат..
Өмүрбек Текебаев: .- 35 депутат. .
.- Аа, 35 депутат колдоптур.
Шайлоо кодексине өзгөртүү киргизүүчү жаңы мыйзам тууралуу вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу Адахан Мадумаров башкача пикирде:
- Мен ачык эле айтып коеюн. Бул бир гана киши үчүн жасалып жаткан мыйзам. Анан ошого күч берип, дем берип, ушул мыйзам өтүп кетсе деген азаматтар да жок эмес. Мыйзамдын кандай аткарылышы адамдын ички жан дүйнөсүнө көз каранды болот.
Жаңы мыйзам долбоору парламенттен колдоо тапппай калгандан кийин айрым депутаттар ушу тапта өкмөт ишинде, ошол эле учурда парламент депутаты милдетин аркалап аткан айрым кесиптештеринин аракетине нааразы экенин жашырышкан жок. Бу маселе тууралуу өз позициясын төрага Өмүрбек Текебаев да билдирди.
- Анан «пожарник» болуп өкмөт иши кыйын болгондо эле чуркап келип, башка убакта кетип, эл маселеси каралып атканда жыйынды таштоонун өзү туура эмес. Мен үч жолу өзүмүн атыман оозеки кайрылдым. Бирок, Борбордук шайлоо комиссиясы, өкмөт буга пикирин билдирише элек.
Президенттик шайлоо жакындаган сайын бийликтин тигил же бул бутагындагы саясий кадамдар кылдат талдоого алынып, коомчулукта кызуу талашты чыгарууда. Шайлоо кодексине киргизилчү өзгөрүү ошондон парламент ичинде чоң талкууну жаратып, сыртында жүздөгөн адамдардын пикети менен коштолуп турду. Жаңы парламент депутаттарынын кыйласынын мыйзамды колдобой коюшуна, кыязы, мына ушул жагдай да себеп болду окшойт.