КИШИНЕВДО ГУУАМдын САММИТИ ӨТҮП ЖАТАТ

Баян Жумакадыр кызы 22-апрелде Молдованын баш калаасында ГУУАМ уюмуна мүчө өлкөлөрдүн кезектеги саммити башталды. Грузия, Украина, Азербайжан, Өзбекстан жана Молдова мүчө бул уюм мындан 8 жыл илгери регионалдык кызматташтыкты өнүктүрүү максаты менен түзүлгөн. Саммитте Грузия, Молдова жана Азербайжандагы жаңжалдарды жөнгө салуунун жолдору талкууланып, уюмдун жалпы өнүгүүсүнүн жаңы багыттары аныкталат.
22-аперелде Кишеневдо башталган саммитке Молдова, Грузия, Ураина жана Азербайжандын президенттери, ошондой эле байкоочу катары Румыния менен Литванын мамлекет башчылары катышууда. Андан сырткары жыйынга АКШнын мамдепартаментинин байкоочу статуска ээ атайын өкүлү Стивен Манн жана ОБСЕнин баш катчысы Ян Кубиш келишти.

Самиттин көңүл борборундагы маселелерин бири - Приднестровье проблемасы. Украинанын президенти Виктор Юшенко саммитте сүйлөгөн сөзүндө Приднестровье маселесин жөнгө салуу боюнча сунуштарын ортого салды. Анын көз карашында Приднестровьеде эң оболу демократиянын өүгүүсүнө кепил боло турган шарттар түзүлүүсү керек.

- Украина Приднестровьеде демократиянын өнүгүүсүнө жана ачык жарандык коомдун түптөлүшүнө кепил бола ала турган шарттарды түзүүнү сунуш кылат. Ошону менен катар эле регионалдык жана жергиликтүү негизде баардык кызыкдар тараптарды камтыган система түзүлүүсү абзел -, деди Юшенко.

Юшенко ошондой эле региондо жайгаштырылган бейпилдик күчтөрдү ОБСЕнин катышуусундагы эл аралык байкоочу механизмине айлантууну туура көрөт.

Приднестровье маселеси Молдова, Украина, Россия, Приднестровьенин өкүлдөрүнүн жана Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык уюмунун мындан мурда өткөн биргелешкен жолугушуусунда талкууланган эле, бирок сүйлөшүүлөр туйукка капталып, токтоп калган болучу.

Приднестровьеге байланышкан маселе Молдова менен ары улуттук, ары кошуналык тыкыз карым-катнашта турган Румынияны да тынчсыздандырат. Ошондуктан бул маселенин талкуусуна саммитке байкоочу-конок катары келген румын президенти Траян Басеску да катышууда.

Өзбекстандын президенти Ислам Каримов уюмдун саммитине катышпай турганын билдирди. Өзбекстан уюмдун ишине катышууну мындан үч жылча мурда эле токтотуп койгон жана Каримов анын өлкөсү уюмдан чыгып кетиши да мүмкүн экенин кыйыткан. Мындай позицияны Каримовдун батышка карата консервативдүү саясаты менен түшүндүрүү мүмкүн. Анын үстүнө ал Батыштын Еврошаркет жана НАТО сыяктуу уюмдарына кирүүнү көздөп жаткан мамлекеттердин жыйынына катышуу менен Москванын кычыгына тийип аламынбы, деп кооптонгон шекилдүү.

Ушундай эле консервативдүү көз караш мунайга бай Азербайжандын мамлекет башчысы Ильхам Алиевге да мүнөздүү, бирок Каримовдон айырмаланып, ал уюмдун саммитине катышып жатат. Анткени Кишинев саммитинде Азербайжандын кызыкчылыгын камтыган маселелер, анын катарында энергетика маселеси, азери мунайын ташый турган куурларды Россияны кыйгап алып өтүүнүн жолдору талкууланмакчы.

Саммиттин соңуна уюмдун алкагында кызматташтыкты өнүктүрүү жөнүндөгү орток декларацияга кол койулуусу болжолдонот.