Нидерландияда “уйдун кутурмасы” жуккан биринчи оорукчан катталды

Нидерландияда “уйдун кутурмасы” илдети жуккан биринчи оорукчан ооруканага жаткырылды.
Ички иштер министрлиги Крюсфелд- Якобска коюлган диагноз жөнүндө Евробиримдикке маалымат жөнөтүлгөнүн билдирди.
Кесел бир нече жыл мурда Британиянын “уйдун кутурмасы” жайылган аймагынан көчүп келгени такталды. Оору кутурма болгон уйдун этин жеген адамдарга жуккан.