Төрөкул Дооров Ирактын президенти Жалал Талабани Би-Би-Сиге берген соңку интервьюсунда өлкөдөгү козголоңчуларга каршы күрөшкө күрддөр менен шийилерден куралган “элдик аскерлерди”, башкача айтканда, милицияны активдүү тартса боло турганын айтты. Анткен менен, АКШнын аскер күчтөрү ирак козголоңчуларына каршы күрөштө шийи жана күрд топторуна кайрылууга каршы. Айрым аналитиктер Иракта шийи жана күрддөрдүн куралдуу отряттарына кошумча укуктардын берилиши карапайым калк ичинде нааразылыкты жаратып, керек болсо, атуулдук согушту баштап жибериши да мүмкүн дешет.
Ирактагы күрддөрдүн да, шийилердин да куралдуу отряддары кубаттуу аскер күчтөрү катарында таанымал. Үч саясий партия – Күрддөрдүн Демократиялык партиясы, же КДП, Күрдстан Патриоттук Бирикмеси, же КПБ жана Ирактагы Ислам революциясы үчүн Жогорку Кеңеш – мамлекеттеги эң күчтүү куралдуу отряддарды башкарып турушат.
Башка саясий партияларда да өздөрүнө тиешелүү жеке отряддары бар, бирок алардын курамы, жогоруда айтылгандардыкына караганда, алда канча тар.
Жакынкы Чыгыш проблемалары боюнча британиялык эксперт Девид Хартвелл Күрддөрдүн Демократиялык партиясында мыкты даярдыктан өтүп, жакшы куралданган аскерлер миңдеп саналат дейт:
- Күрддөрдүн Демократиялык партиясында, КДПда, 15 миң партизан, андан сырткары, уруулардан куралган 25 миң согушкер бар.
Ал эми президент Талабанинин жетекчилигиндеги Күрдстан Патриоттук Бирикмесинин куралдуу күчтөрүнүн катары да ушундай эле алкакта. Анда уруулардан куралгандардын саны 20 миң, ал эми ыктыярдуу партизандардын саны 15 миңдин тегерегинде.
Иракта Саддам Хусейндин режими кулаганга чейин КДПнын аскер күчтөрү өлкөнүн армиясы менен күрөшүп келген. Ошол эле учурда КДП менен КПБнын күчтөрү да ич-ара согушкан жери бар.
Аналитик Хартвеллдин айтымында, күрд куралдуу отряттары жакшы куралданганы менен, баары бир деңгээли адаттагы армиядан төмөнүрөөк:
- Менимче, алардагы эң оор курал – бул оор артиллерия. Мен ракета учуруу жөнүндө айтып жатам. Аларда мындан да оор курал-жарактар бар деп ойлобойм.-
Ал, ошондой эле, күрддөрдүн куралдуу күчтөрү көп оор куралдарды Иракта жана анын сыртындагы “кара базарда” сатып алышканын айтты. Ал эми отряддагылдардын согушкерлери Ирак армиясына чакырылган учурда даярдыктан өтүшкөн. Дагы бирөөлөрү болсо Иракта согуш башталганга чейин АКШнын атайын күчтөрүнүн катарында машыккан.
Дагы бир маанилүү аскер күчтөрүнүн бири – шийилердин куралдуу отряддары. Алардын катарындагы согушкерлердин так саны белгисиз. Айрым маалыматтарда шийилерде бир канча миң аскер бар экени айтылып жүрөт. Алардын көбү - Иракта Саддам бийлиги кулаганда Иранга качып кеткендер.
Алиреза Науризеда – Лондондо жайгашкан Араб жана Иран борборунун директору. Анын айтымында, шийилердин Бадр Бригадасы өтө олуттуу куралдуу отряддарынын бири. Ошол эле учурда, топтун Иран менен тыгыз байланыштарын көрүп туруп, анын көздөгөн максаттары туруктуу экендигине ишене бербейсиң дейт ал.
- Алардын арасында чындап эле эки миңдей мыкты согушкер бар, бирок проблема алардын Иракка канчалык берилгендигинде. Биринчиден, алардын көбү Иракта Саддам режими кулаганга чейин Иракты көрүшкөн да эмес. Айрымдары болсо, Иранда туулуп, Иранда билим алышкан. Алар арап тилине караганда, фарсы тилинде жакшы сүйлөшөт. Ошондой эле, аларды ирактыктар эмес, аятолла Хомейни, Иран өкмөтү жана коопсуздугу көбүрөөк кызыктырат, - дейт лондондук эксперт Алиреза Науризеда.
Анын пикиринде, Ирак өкмөтү тез аранын ичинде күрддөр менен шийилердин куралдуу отряттарын өлкөнүн армиясына кошуу үчүн бүт аракетин жумшашы зарыл. Бул аталган топтордун статусун көтөрүп эле калбастан, аларга армиянын катарында козголоңчуларга каршы күрөшүүгө мүмкүнчүлүк бермек.